Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев Лондондо жөн жатпаптыр. Спорт менен алектенип, ишкерлигин да жасайт. Азырынча канча байлыгы бар экени тууралуу так маалымат болбогон менен дүйнөдөгү байлардын балдарынын арасынан таасирдүүлөрдүн алдыңкы катарында экен.

Кечээ чыккан маалыматтарга караганда, Максим Бакиев Лондондо Carlson Gracie Surrey залынын атынан 88,3 кг салмакта күч сынашып, джиу-джитсу боюнча турнирде алтын медаль жеңип алган.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз