Бишкек шаарындагы Жибек-Жолу жана Тимирязев көчөлөрүнүн кесилишиндеги күйүүчү-майлоочу май сакталган кампадан чыккан өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Өрт эртең менен саат 8:00гө жакын күйүүчү-майлоочу май сакталган жеке менчик үйдүн биринде чыккан. Тилсиз жоодон кошуна жайгашкан үйлөр дагы жабыр тартканы белгилүү болду.

ӨКМ учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын айтты.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.