ЖКнын депутаттары каникулга тараардын алдын эс алуу учурунда бир жакшы ишти бүтүрүп кайталы дештиби айтор, Балыкчы-Жалал Абад авто жолундагы финансылык мыйзам бузууларды иликтөө максатында депутаттык топ түзүшкөнү маалым. Ал депутаттык топ аталган жолдогу иш менен жеринде таанышууда.

Аталган депуттатык топтун мүчөсү Махабат Мавлянованын маалыматына караганда, күзгө таяп дагы элибиз эрмек кылчу жагдайлар пайда болуп калышат окшойт. Ал: “Биз жаңыдан эле маалыматтарды топтоп баштадык. Тиешелүү тараптарга кат менен кайрылып жатабыз. Алдыдагы каникулда ушул ишти терең талдап чыгалы деген чечимге келдик.  Интернетте удаа-удаа чыккан маалыматтар, андан сырткары демилге көтөргөн кесиптештердин сунушунан улам бул топ түзүлдү. Интернетте айтылган маалыматты карасак, тендерде бир нече кызмат көрсөтүүнүн баасы абдан кымбат жазылган экен. Демек тактоо керек. Сентябрга кандайдыр бир маалымат менен келебиз деп турам”,- дейт.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.