Бүгүн эрте менен Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан ар кандай маселелер айтылды.

Депутат Махабат Мавлянова: “Мен Нарын облусуна көчүрүлүп келишкен памирлик туугандар менен байланышып турам. Алар квартирада турушат. Жумуш жок. Кыйналып жатышат. Мамлекет тарабынан социалдык турак жай болсо караштырып, беришибиз керек. Алар өздөрү деле шаарга жакын жерлерде жашасак, иштесек деген тилектери бар”,-деди.

Ал эми өкмөттүн өкүлү А. Темирбаев бул маселени өкмөт башчыга жеткирерин маалымдады.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.