Чечкиндүү бийлик келмейинче чек ара маселеси чечилбейт. Мындай пикирин “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров маалымат жыйынында билдирди. 

“Жеңиш Разаков чек араны алмашуу жолу менен чечүүгө аракет кылабыз дептир. Бул аргасыздыктын сөзү. Эч ким бир карыш жерин бергиси келбейт. Ал көл болобу, чөл болобу айрымасы жок. Андыктан алмашуу жолу оңой эмес. Мында эки өлкөнүн ортосундагы жетекчилердин бири-бирине болгон ишеними чоң роль ойнойт. Менимче биздикилерге андай ишеним да, сый дагы жок. Разаковду кызматтан алгыла деп Баткендин тургундары кайрылып жатат. Бирок, аларды эч ким укпай жатат. Ачык эле айтамын, чечкиндүү өкмөт, парламент келмейинче чек ара маселеси эч качан чечилбейт”,-дейт Мадумаров. 

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.