Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтып келди. Саясатчы Орусиядан автоунаа менен келген. Бул тууралуу анын жакындары билдирди.

Маалыматка караганда, Бабановго август айынын  акырында операция жасалган. Дарыгерлер учакка түшүүгө тыюу салгандыктан унаа менен кайтууга туура келген.

“Өмүрбек Бабанов учурда Бишкектеги үйүндө дарылануусун улантып жатат”, — дешти жакындары. Азырынча саясатчыга кандай диагноз коюлганы белгисиз.

Эске салсак, Бабанов 31-майда кармалган. Ал Кумтөр кенин иштетүүдө коррупциялык аракеттерди жасаган деп айыпталып жатат. 2-июнь күнү Биринчи май райондук соту экс-премьерди эки айга камакка алуу чечимин чыгарган. Бирок июль айынын соңунда райондук сот саясатчынын баш коргоо чарасын өзгөртүп, ага чет өлкөдөн дарыланууга мүмкүнчүлүк берилген.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.