“Ош электр” ишканасы өз кызматкерлери Баткен облусунун Кадамжай районунда үйлөргө рейд жүргүзүп, жылыткычтарга мөөр басып жатканын ырастады. Мекеме мындай чаралар энергоресурстарды үнөмдүү пайдалануу жана авариялык абалды алдын алуу үчүн жасалып жатканын билдирди.

Буга байланыштуу “Ош электр” Ош, Баткен облустарында жана Ош шаарында рейддерди уюштуруп жатканын кошумчалады. Анын жүрүшүндө, токту чектен ашыкча колдонгон учурлар аныкталып, энергияны көп талап кылган жылыткычтарга убактылуу мөөр басылган. Өкмөттүн токтому менен Ош, Баткен облустары жана Ош шаары боюнча электр энергияны керектөөнүн лимити бекитилген.

“Ош электр” 2021-жылдын 16-ноябрына карата бекитилген лимиттен 31,5 миллион кВт саат же 21,6%га ашыкча пайдаланды. Ал эми Кадамжай РЭТи боюнча 3,3 миллион кВт саат же 24,4% ашып кеткен. 2021-жылдын 10 айында “Ошэлектро” ишканасынын абоненттери 12 867ге көбөйгөн.

17-ноябрда социалдык тармактарда мөөр басылган жылыткычтар тартылган сүрөттөр жарыяланып, интернет колдонуучулардын талкуусуна түштү.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.