Кечээ кечинде Чүйдүн Молдовановка айылында 31-абакта жаткан Мелис Аспековдун токмок жегендиги туралуу кабар тарады. Ал маалыматтарга караганда, ал жаткан камерага соттолуучулардын бирөө кирип келип, үн сөзгө келбестен аны ур-токмокко алган. Аспеков жана анын жанында жаткан киши да жеңил жараат алышкан.

Мындай кабарды Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызмат  мекемесинин маалымат катчысы Элеонора Сабатарова да ырастоодо.

Учурда ал окуя боюнча иликтөө-тергөө иштери жүрүп жатат. Анын себеби азырынча айтыла элек.

Эске сала кетсек, “Мекенчил” саясий партиясынын лидерлеринин бири, активист Мелис Аспеков былтыр октябрда “массалык башаламандык уюштурууга аракеттенген жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөн” деген шек менен, Жогорку Кеңеш депутаты Канатбек Исаевге козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында кармалган.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз