Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Дүйшөмбү шаарына  келди.

Кеңешменин жүрүшүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн өкмөт башчылары ШКУ алкагындагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык өз-ара аракеттешүүнүн актуалдуу аспектилерин талкуулашат.

Мындан тышкары, Мухаммедкалый Абылгазиев Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн Өкмөт башчылары менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз