Премьер-министр  Мухаммедкалый Абылгазиев инвестицияларды тартуу маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Мухаммедкалый Абылгазиев: «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери кыска мөөнөттө инвестициялык лотторду түзүү үчүн жыйынтык чараларды кабыл алышы зарыл. Бул ишке карата шалаакылык жана жоопкерчилксиз мамилеге жол берилбеши керек. Ар бир чиновник инвестициялык лотторду өз мөөнөтүндө жана толук кандуу түзүүсү үчүн жеке жоопкерчилик алат. Инвесторлор жана инвестициялык лоттор менен иштер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын ишмердигин баалоонун башкы критерийлеринин бири болот. Ошону менен бирге инвестицияларды тартуу жана коргоо, тоскоолдуктарды четтетүү механизмдерин жана мыйзамдарга зарыл өзгөртүүлөрдү даярдоо процессин ыкчамдатуу керек», – деди.

Өкмөт башчынын айтымында, инвестициялардын келишине жана конкреттүү инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жасалма тоскоолдуктарды жаратуу аракеттери аныкталган шартта күнөөлүү жактарга карата кылмыш жоопкерчилигине чейинки катуу чаралар көрүлөт.

Кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо боюнча агенттигинин директору Шумкарбек Адылбек уулу жер тилкелерин бөлүү, инфраструктурага кошуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын калк менен өз-ара аракеттешүүсү сыяктуу инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда келип чыгуучу көйгөйлүү маселелерге токтолду.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз