Жогорку Кеӊештин көпчүлүк коалициясы Өкмөттүн 2018-жылдагы ишин канааттандырарлык деп тапты. Жыйында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн 2018-жылдагы экономикалык көрсөткүчтөрү боюнча маалымат берди.

Экономикалык өсүшү 3,5 пайыз деңгээлинде түзүлүп, Кыргызстан ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин арасында ИДПнын өсүшү боюнча Армениядан жана Казакстандан кийинки үчүнчү орунга чыкканы, ал эми Россияда ИДП өсүшү 2,3 пайызды, Беларуста 3,0 пайызды, инфляциянын деңгээли 100,5 пайызды түзгөнү белгилүү болду. Андан тышкары, өткөн жылдагы орточо эмгек акы 235,6 доллар жана пенсиянын жылдык орточо өлчөмү 80,1 доллар өлчөмүндө болду. Бул ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында эң төмөнкү көрсөткүч болуп эсептелет.

Премьр-министр Мухаммедкалый Абылгазиев:  “Экономикабыз “Кумтөргө” байланып калган экен, менимче бул чоӊ жаӊылыштык болгон, муну оӊдошубуз керек. Өткөн жыл кыйла сынаакы мезгили болду. Өкмөт өтө оор шартта иштегенине карабастан, экономикалык өсүш камсыз кылынды.  Өкмөттүн башкы милдети макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү камсыз кылып, калк турмушун жакшыртуу, анын Өкмөткө карата ишенимин бекемдөө болуп саналат», – деди.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз