Таажылуу вирус боюнча бир нече жолу өзүнүн кызыктуу пикирин айтып келген Белорустун президенти Александр Лукашенко симптомсуз таажылуу вирус менен ооруп айыктым деди.
Жада калса ооруп жаткандыгын сезбей деле калыптыр.
Анын ооруганын дарыгерлер айтыптыр.
Эгер дарыгерлер айтпаса жарыктык киши вирустун в тамгасын деле такыр билбей калчудай экен.
Анткен менен Белорус өлкөсү пандемия маалында катаал карантин киргизбей, ишканалардын ишин токтотпогон дүйнөдөгү саналуу өлкөлөрдүн бири.
Керек болсо илдеттин жайылуу коркунучу күчөп турган чакта баш калаасы Минскте эбегейсиз чоң аскердик парад өткөрүп, дүйнө элин таң калтырды.
Ошондой болсо да бүгүн Белоруста таажылуу вирус жуктургандардын саны анча деле көп эмес.
Илдеттен каза болгондордун саны кыйла төмөн.
Керек болсо Александр Лукашенконун чечкиндүү кадамы Белорустун экономикасын, элдин турмушун кыйынчылыктарга кетпеген жок.
Албетте азын оолак түйшүк жаратып, экономикасына азыраак зыянын тийгизбей койгон жок.
Эки жумадан соң 9- августта  Белоруста президенттик шайлоо өтөт.
Өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келе жаткан Лукошенконун жеңип чыгаарында шек жок.
Аны Европанын акыркы диктатору деп аташканы менен КМШ өлкөлөрүнүн арасында экономикасы өтө чоң олку-солку болбой, элдин жашоосу ортодон жогору туруктуу экендиги талашсыз.
Ананда өлкөдө “МТЗ” трактор заводу, ” МАЗ”, “БелАЗ” өңдүү оор жүк ташыган машиналарды чыгарган гиганттык өнөр жай ишканалары бакубат иштеп жатат.
Мындан сырткары троллейбус, автобус чыгарган ири заводдор, ондогон фабрикалар, жүздөгөн айыл чарба кайра иштетүүчү заводтор күргүштөп иштеп жатат.
Кыскасы Белорустун жашоосу дүркүрөп өнүгүп, өсүп кетпесе да туруктуу жакшы жашоосу бар өлкөлөрдүн бири.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.