Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылык жана өмүр жолун баяндаган «Евразиялык жазуучунун даңазалуу жолу» деген китеп Лондон шаарында жарык көрдү. Китепти жазуучу менен көп жылдар бирге иштешкен, анын чыгармаларын англис, немис тилдерине которуу жана чет өлкөлөрдө жайылтуу менен алектенип келаткан Лондондогу Чыңгыз Айтматов академиясынын жетекчиси, лингвист-профессор Рахима Абдувалиева жазган.  Маалыматка ылайык, китепте Чыңгыз Айтматовдун балалыгы, адабий карьерасы, дипломатиялык миссиясы, эл аралык кадыр-баркы, негизги идеялары тууралуу баяндалат. Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Таластын Шекер айылында туулган. Ал совет доорунда эле «Жамийла», «Саманчынын жолу», «Гүлсарат», «Бетме-бет», «Ак кеме», «Кылым карытар бир күн», «Кыямат» ж.б. мыкты роман-повесттери менен дүйнөгө таанылган. Айтматов 2008-жылдын 10-июнунда 80 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.