Кыргызстанда 2021-жылдын 1-сентябрь айына карата расмий жумушсуздуктун деңгээли республика боюнча 3,1 пайызды түздү. Мындай маалымат Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин расмий сайтында көрсөтүлөт.

Маалыматта айтылгандай, иш менен камсыз кылуу кызматтарында эсепте турган жумушсуздардын саны 104 миң 800 адамды түзгөн. Ал эми расмий катталган жумушсуздардын саны 80 миң 560 адам. 2021-жылдын 1-сентябрына карата бош орундардын саны 12 миң 763 бирдикти түзгөн, алардын ичинде жумушчу адистиктерге суроо-талап басымдуулук болгон.

Ошондой эле 1-сентябрга карата 3993 жумуш орду суроо-талапка ээ болбой калган жана 26 адам бир бош жумуш орду үчүн кайрылган. Иш менен камсыз кылуу кызматтарына кайрылган жарандардын саны 106 миң 540 адамды түздү.

Алардын ичинен эмгек жана ишке орноштуруу мыйзамдарынын маселелери боюнча, кесиптик окутуу жана кайра окутуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө, кесип тандоо боюнча консультацияларды 70 миң 916 адам алган.

Эмгек рыногунда жумушсуздардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн эмгек рыногунун белгилүү бир кесиптиктеги жумушчу күчүнө керектөөлөрүн эске алып, 2021-жылдын 1-сентябрь айына карата иш менен камсыз кылуу кызматтары тарабынан кесиптик окутууга 5 071 адам жөнөтүлгөн.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.