Таажылуу вируска каршы ыкчам штабдын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 71 774 киши вакцина алды. Алардын ичинен 22 520сына экинчи доза сайылды. Кыргызстанда Кытайдын “Sinopharm” жана Орусиянын “Спутник V” вакциналары менен эмдөө жүрүп жатат. Анын алкагында орусиялык “Спутник V” вакцинасы толугу менен сайылып бүтүп, экинчи дозасы гана калды.

Расмий маалыматка караганда, 24-25-майга чейин 75 миң кишиге эсептелген Кытайдын Sinopharm вакцинасы да бүтөт. Андан соң июнь айында Asrta Zeneca вакцинасынын 210 миң дозасы COVAX программасынын алкагында келет. Ошондой эле кыргыз өкмөтү Кытай менен Орусиядан дагы вакцина алуу тууралуу сүйлөшүп жатат.

Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Бишкекте айрым маданий мекемелер карантинге алынып, эл көп катышкан иш-чараларга тыюу салынган.

Таажылуу вируска каршы ыкчам штабдын маалыматына ылайык, акыркы суткада илдет 191 адамдан табылып, 6 киши каза болду.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.