Өлкөдө 190дон ашуун мектеп капиталдык ремонтко жана курулушка муктаж. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Гулмира Кудайбердиева журналисттер менен болгон маалымат жыйында айтып берди.

Белгилүү болгондой акыркы 5 жылда өлкөдө 272 мектеп курулса, бул жылы эле 22 мектеп пайдаланууга берилген. Ал эми 70 мектеп курулууда. Мындан тышкары министр айрым мектептер көп учурда туура эмес жакта салынып калганын, муктаждык бар жайда эмес, кызыкдар тараптын кийлигишүүсү менен курулуп калгандыктан тартыштык болуп жатканын кошумчалады.

Ошондой эле көпчүлүк мектептер бир мезгилде ашар жолу менен курулгандыктан бүгүнкү күндө алардын сапаты талапка жооп бербей ремонтко же жаны курулушка муктаждык жаратууда.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз