Президент Сооронбай Жээнбеков СССРдин Эл артисти, Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү Сүймөнкул Чокморовдун туулган күнүндө  Г. Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм өнөр музейине барды.

Мамлекет башчысы Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгына жана анын жубайы — Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген кызматкер Салима Шабазованын элесине  арналган «Эсимде» көргөзмөсүн көрдү. Көргөзмөдө Сүймөнкул Чокморов тарткан картиналары жана анын кино искусстводо,  живопистеги чыгармачылык жолу тууралуу сүрөттөр, үй-бүлөлүк музей архивинен  фотоматериалдар коюлду.

Президент ошондой эле имараттын абалы жана музейдин залдары анын борбордук сактоочу жайы менен таанышты.  Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов жана Музейдин директору Мира Жангарачева маалымат беришти. Алар музей капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж экендигин белгилешти.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.