Ливияда бир жума мурда башталган кандуу кармаш дагын эле уланууда. Дүйнө коомчулугу жана эл аралык уюмдар тынчызданганын билдиришүүдө. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, Триполиге кошумча кызматкерлер менен дары-дармектер жиберилүүдө. 4-апрелде “Ливия улуттук армиясынын” жетекчиси Халиф Хафтар жана аны колдогон күчтөр чабуул уюштуруп, Ливиянын борборун курчап алган.

Ливиянын Триполи шаарындагы куралдуу кагылышуудан 121 адам өлүп, 561 адам жаракат алды.

Эске сала кетсек, 2011-жылы жарандык согуш башталып, өлкөнүн жетекчиси Муаммар Каддафи өлтүрүлгөндөн кийин Ливиянын бир бөлүгүн парламент жана Хафтардын армиясы, калган аймактарын, анын ичинде Триполини эл аралык коомчулук тааныган өкмөт көзөмөлдөйт.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз