Футбол боюнча “Ливерпуль” командасы мөөнөтүнөн мурда Англиянын чемпиону болду.

Юрген Клопптун командасы “Челси – Манчестер Сити” командаларынын оюнунда “Челсинин” жеңишинен улам Англиянын чемпиону болду. Анткени, “Манчестер Сити” командасында жеңилүүдөн улам 63 упай болсо, “Ливерпуль” 86 упай топтогон.

Мындан улам “Ливерпуль” командасы быйылкы сезондун аякташына 7 оюн калганда жеңишке жетти.

Мындан тышкары, кызылдар командасы Англиянын чемпионатында 30 жылдан бери биринчи жолу жеңишти багындырды.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.