Соттордун сурагы эми келди сыягы. Сотторго сурак – сопкут жок сыяктуудай да сезилип кетчү. Чыгарган чечимдерин айтпай эле коелу. Канчалаган көз жаштын убалы акыры бар окшойт. Мындай дегенибиз бир топ соттордун мүлк декларациясын толтурууда мүлктөрүн  жашырганы ачыкка чыкканы белгилүү болду. Иши кылып жаңы бийлик сотторду тартипке салууну белсенип калды окшойт.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргенине караганда, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун төрагасы Кубанычбек Касымбековго жана аны менен кошо башка кызмат адамдарына “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “Атайылап акыйкатсыз чечим чыгаруу” боюнча кылмыш ишин козголгон.

Кылмыш иши Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотунда Касымбеков иштеп жүргөн учурдагы мыйзамсыз чечимине байланыштуу козголгон.

Сотко карата козголгон кылмыш ишин иликтөө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин  Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз