Баткендин Лейлек районунун Арка-2 айылында күйөөсү аялынын колунан каза тапты. Бул маалыматты Баткен облусунун милициясы тастыктады.

Маалыматта, окуя 25-ноябр күнү болгондугу маалымдалды.  Лейлек районунун тургуну 50 жаштагы аял күйөөсү менен спирт ичимдигин ичип, андан соң уруша кетишкен. Жини келген аялы күйөөсүн балта менен уруп, 51 жаштагы киши алган жаракатынан улам ошол жерде жан берген.

Айрым маалыматтарда, аял психикалык жактан оорулуу болгондугу айтылууда.

Аталган факт боюнча “Адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, аял убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иши жүрүүп жаткандыктан алардын ысымдары сыр бойдон сакталат. 

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.