Ал эми Жалал-Абад шаарында Улуу жеңиштин 73 жылдыгынын урматына “Өлбөс полк” жүрүшү уюштурулуп, ага шаардагы мекеме-ишканалардын эмгек жамааттары, коомдук бирикмелердин өкүлдөрү, шаар тургундары, окуу жайлардын студенттери, ар кайсы улуттук диаспоралардын жамааттары, баары болуп 3 миңден ашуун киши катышты. Жүрүшкө чыккандар шаардын батыш кире беришинен, борбордук Эркиндик аянтынан жана Советтер Союзунун Баатыры Тукубай Тайгараевдин эстелигинен “Жеңиш” эс алуу багына чейин жөө журуш жасашты.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз