Американын Техас штатында эки жаш үйлөнүү тоюнан соң тик учак менен кырсыкка учурап, каза болду.

ABC13 телеканалынын маалыматында авиа кырсык  4-октябрь күнү Техастын түштүк тарабында катталган. Үйлөнүү салтанатын жакындары менен өткөргөн эки жаш андан ары  учакка олтуруп майрамды улантып кетишкен. Жарым саат өткөн соң каргашалуу окуя катталып,  жаштар менен бирге пилот дагы көз жумган.

“Bell 206B” үлгүсүндөгү тик учактын эмнеден улам кырсыкка кабылганы жөнүндө учурда маалымат жок. Окуя катталган жерде териштирүү жүрүп, бир нече куткаруу кызматтары тартылганын жергиликтүү басылмалар маалымдады.

 

 

 

 

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз