Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги өз демилгеси менен бир да долбоорду ишке ашырган жок. Мындай пикирин  биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов мекеменин 2019-жылдагы иштеринин жыйынтыгы боюнча өткөрүлгөн жыйында билдирди.

Кубатбек Боронов: “Силерге караштуу 428 730 ишкана жана ар кандай чарбалар бар. Бирок, алардын ишмердүүлүгүнөн түшкөн салык 2 пайызды гана түзөт. 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДПдагы айыл чарбанын үлүшү  болгону 2,6 пайызды түздү. Силер ал тургай өз планыңарды 3 пайызга толтура алган жоксуңар. Кайсы бир учурда бул көрсөткүч 42 пайызга жеткен. Мындай көрсөткүчтөн кийин биз агрардык өлкөбүз деп баса айтуу кыйын», – деди.

Муну менен катар биринчи вице-премьер-министр өкмөттүк деңгээлде чечилген милдеттерди дагы белгиледи.

Кубатбек Боронов фермерлер иш жүзүндө тармактык мамлекеттик орган бар экенин жана айылдардагы маселелерди чечүүгө жардам берерин  сезиш үчүн иштөө принцибин түп тамырынан бери өзгөртүү жана коюлган милдеттерди аткаруу менен Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин ишмердүүлүгүн жандандыруу тапшырмасын берди.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.