Жаңы долбоорго ылайык, шарты туура келген жана ден соолугу чың каалаган кыз-келиндер армияда кызмат өтөй алат.

Аталган мыйзам долбоору ЖКнын биринчи окуусунда колдоо тапты.

Коргонуу иштери боюнча мамлекеттик комитеттин өкүлү Нурсеит Кедеевдин айтымында, мурда медициналык кесиби бар гана кыз-келиндер аскердик кызматка чакырылып келген. Мындан ары кыздардын  укугу кеңейет.

Ошондой эле, вице-спикер Аида Касымалиева чек арага жакын жайгашкан жерлердеги кыз-келиндерге аскерге барууга өзгөчө шарт түзүлүшү керектигин кошумчалады.

Учурда жалпы аскерде кызмат өтөп жүргөндөрдүн 15%ын  кыз-келиндер түзөт.

 

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз