Таажылуу вирус илдетинин алдын алуу максатында Кытайдан Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү. Бул туурасында Республикалык штабдан билдирди.

Коңшу мамлекеттин жардамын, кечээ, 25-мартта “Торугарт” чек ара көзөмөл өткөрүү пунктунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов кабыл алды.

Гуманитардык жардамды Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу кыргыз автономдук облусунун губернаторунун орун басары Ван Шин Ганг мырза тапшырып, кыргыз элинин бул ооруну тезирээк жеңип чыгуусун тилек кылды.
Кытайдан 10 миң даана дарыгерлер үчүн респиратордук беткап, 100 миң даана бир жолу колдонулуучу беткаптар, ошондой эле 1 миң даана коргонуучу кийимдер келди. Мындан сырткары 10 миң даана беткаптарды Кытайдын Кыргызстандагы элчилигине тапшырышты.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.