Бүгүн,13-февралда Кытайдан Кыргызстанга 40 студент алынып келинди. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, студенттер “Бээжин-Алматы” авиакаттамы аркылуу келишкен. Учурда алар карантинге алынып, дарыгерлердин текшерүүсүндө турат.

Буга чейин Кытайдан  эки жүздөн ашуун кыргыз жараны келген.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.