1-бөлүк

Ушул жылдын жай-саратан айларында Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунунун Кулжа өрөөнүндө жашаган бир ууч кыргыздардын жашоосу, алардын айрымдарынын бул аймакка кантип келип калышкандыгы тууралуу баян кылганмын.  Мен анда Кулжа өрөөнүнүн Нылкы айылына 1928-1931-жылдар аралыгында Жалалабаддан Советтик каардуу репрессиядан качып барган кыргыздардын тагдырына токтолгонмун.   Кытайга барып отурукташып калгандардын арасында Жалалабаттын “Беш-Баба” айылынан качып барган Сары болуштун аянычтуу да кызыктуу да тагдыры мени Кытайга экинчи ирет барууга аргасыз кылды . Анын үстүнө мен 19-кылымдын аягы, 20-кылымдын башында Алай өрөөнүндө жашап өткөн Молдо  Ысманали аттуу чоң акындын ырларын, кол жазмаларын издеп жүргөн болчуумун. Ысманалы ырчы да ошол каар заманда менин чоң аталарым менен бирге Кытайга качып барып жашап калганы, анын кол жазмалары ошол жакта Кыяк-Башы деген жерде калып кеткени тууралуу атам мага айткан болчу. (PS: Ысманали акындын ырларын атактуу окумуштуу,  түрколог, академик К.К.Юдахин да көп жылдар издеткен.) Кытайга болгон экинчи сапарымда тапкан “олжолорумду” “Чоң алайдын чоң ырчылары” деген ат менен китеп кылып чыгардым. Китепке академик Абдыганы Эркебаев баш сөз жазып жакшы каалоо-тилектерин айткан. Китеп көлөмдүү болгондуктан окурмандарга айрым үзүндүлөрдү гана жарыялаймын

Молдо  Ысманали

Атам Садыкбай уулу Маматкалыктын бу жарык дүйнөдөн көзү өткөнчө ырдап жүргөн ыр-дастаны бар эле. Бирок бул ырды атам өз убагында эл алдында ачык ырдай алган эмес. Анткени, ыр Советтик түзүлүшкө,  коммунисттик  партияга  каршы  ырдалган.  Ырдын  түп баяны мындай:

19-кылымдын  аягы,  20-кылымдын  кылымдын  биринчи  жарымында (болжол менен 1857-1947-жж). Алай өрөөнүндө Ысманали аттуу ырчы жашап  өткөн.  Ысманали  Жунус  уулу  сабаты  ачылган,  өзүнүн  ырларын араб ариби менен кагазга түшүрө алган,  дин  жолунда  жүргөн  адам  болгондуктан  аны  “молдо  Ысманали”  деп  аташкан. Ал коммунисттик түзүлүшкө каршы ырларды  ырдагандыктан  Совет  доорунда  анын чыгармачылыгы изилденбей, бүгүнкү күнгө чейин ысымы аталбай келди. Ысманали  ырчы  Чоң-Алайдын  Шибэ айылында болжолдуу 1857-жылы төрөлгөн.    Уруусу торайгыр  кыпчак,  анын  ичиндеги  майда уруусу-колчок.  Түп  атасы-Айсабек,  андан Тагай, Тагайдан Теке, андан Акжол, Акжолдон  Мамат,  андан  Жунус,  Жунустан –  Ысманали, Мамай. Ысманалидан уул перзент калган эмес.

Мен Кытайга экинчи ирет дал ушул молдо Ысманалинин ошол жакта калып кеткен ырлар жыйнагын издеп бардым.

 

 Аталар баскан жол менен

Кайдасың кадимки Кашкар…

 

 

КЫТАЙДА КАЛГАН АРМАН / 2-САПАР

Убакыт  учкан  куш…  Ысманали  ырчыны  зарлаткан  заман  кайда  калды…  Андан  бээри  арадан  далай  жылдар  агылып  өттү.    Бир кездерде канчалаган бекүнөө адамдардын кан азабы менен курулган Совет мамлекети, кудайсыз  коом жетимиш жыл өмүр сүрүп кыйрап калды. Бул ааламды жараткан Алладан башка түбөлүктүү эч нерсе

жок эмеспи. Алайга атагы чыккан акындын ырларын билген жападан жалгыз адам – атам Маматкалыктын да көзү өтүп кетти. Артында ырга айланган мурасы калды. Ата мурасын бала улайт деп бекеринен  айтылбайт.  Мен  болсо  Ысманалы  ырчы  тууралуу  тагыраак, толугураак маалымат чогултсам деп көпкө изденип, анан 2014-жыл-дын  күз  айларында  атайын  чыгынып  аталарыбыздын  жолу  менен Кытайга жөнөдүм. Ысманалы ырчынын ырларында аңыздалып айтылган  жерлерди  бир  катар  кыдырып  көрүп,  ыңгайы  келсе анын Кыяк – Башыда калган китеби сураштырып көрөйүн, балким табылып да калаар деген илгери үмүттө болдум. Экинчиден ошол каар заманда  Кытайда  калып  кеткен  туугандарыбыздын  урпактары  менен жолугушуп. дидарлашып келейин дедим.

Уландысы бар

 

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.