КЫТАЙДА КАЛГАН АРМАН / 2-САПАР / 9-БӨЛҮК

Кытай, Кочкор-Ата айылы

12З- 4- 56 –7 8

9-бөлүк

Кытайдагы туугандарымды табууга мага астейдил жардам көрсөткөн

Мажит  шинжаӊдын  толук  аты    Абдимажит.    Бөрү-Токой  айылында  туулуп-өскөн.

Жыйырма  эки  жыл  ушул  Бөрү-Токой    айыл өкмөтүндө  айыл башы болуп

эл башкарып, анан эс алууга чыккан. Бул чөлкөмдү коён жатагына чейин жакшы билет.

Ошондуктан аны эл Мажит башкарма( Мажит шинжаӊ) деп аташат. Абдимажит аба да

Анапия казынын бир тууганы Абдухалилге күйөө бала болуп кетет. Ал да

2013-жылы Кыргызтанга келип тууган-уруктары менен амандашып кеткен.

********

Абдумажит абанын үйүндө болгон күнү аны менен Кытайда жа-

шаган  кыргыздар,  алардын  турмушу,  кыргыз  урууларынын  жайга-

шышы  туралуу кенен- кесир сүйлөштүк.

-Жүнгө мамлекети аз элдерге, анын ичинде кыргыздарга жакшы

мамиле  кылат.  Тилибизге,  динибизге  эркиндик  берген.  Жашообуз

жакшы. Мен көп жыл өкмөттүк кызматта иштеп пенсияга чыктым.

Америка акчасына айлантканда миӊ доллар пенсия алам. Кыргыз-

станга  барганымда  Анапия  казынын  неберелери  бутубузду  жерге

тийгизбей  кооз,  тарыхый  жерлерди  кыдыртып  көргөзүштү.  Абдан

ыраазы болдук.

Кытайда  жашаган  кыргыздар  да  Кыргызстандагы  элдин    бир

бөлүгү.  Менин  угуп-билишимче  бул  жерлик  кыргыздардын  баары

эле  өткөн  кылымдарда  Кыргызстандан  ооп  келишкен.  Мурда  кел-

гендери  жергиликтүү  болуп  алышып,  кийин  келгендерди  “келгин

кыргыздар” дешкен. Биздин чоӊ аталарыбыз Качбай баатыр, Бекте-

мир баатыр дегендер болгон. Кыргызстандан келгендери анык, уру-

убуз- төөлөс.  Бизди “хан төөлөстөр” деп коёт.

Белес-белес, белестен.

Бектемир өткөн төөлөстөн,

Качырып жоону сайгандан,

Качыбай өткөн төөлөстөн,- деген ыр калган.

Акчий ооданында  кыргыздын саяк, кутчу, чоӊ багыш уруула-

ры, ал эми Улуучат ооданынын түндүк тарабында чоӊ багыш,  сары

багыш, тескей тарабы – Актоо, Булуң-Көл, Моожуларда ичкиликтер:

кыпчак, найман, кесек, ават, мундуз ж.б. уруулар жайгашкан.

Эми Анапия казы тууралуу айтсам, Анапия казынын бир тууган

карындашы Дүрданахан менин таенем болот. Таятам – Осмон казы.

Чоӊ атам Молдоалим дамыла. Молдоалим дамыланы да атасы бала

кезинде молдолукка окутканы Каратегинге медересе-мечитке жибе-

рип ошол жакта Анапия казы, Осмон казылар окуган медереседен

окуп,  булар  жакшы  тааныш  болушкан.  Кийин  окуусун  Наманган-

дан, Бухарадан улантып  кырк үч жашка чыкканда кайтып келип Ос-

мон казынын карындашы Батмаханга  үйлөнгөн экен. Батмаханды

атасы  оболу  Чоӊ-Алайдын  Жекенди  айылындагы  Токторбай  деген

байдын баласы Маматемин дегенге берген экен. Андан бир кыздуу

болуп төркүнүнүнө келип барбай коюптур. Атасы мал, алтын берип

никесин ажыратып алыптыр.

Ошентип, Бөрү-Токойдо бир күн түнөп Мажит шиӊжаӊ менен

кош айтышып кайтадан Кашкарды көздөй жол тартым.

********

КЫТАЙДА КАЛГАН АРМАН / 2-САПАР / 9-БӨЛҮК

Кадимки Кашкар

Кытайдагы  сапарым карып Кыргызстанга кайтайын деп Каш-

кардын  автобекетине  келдим.  Мажит  шиңжаң  мени  узатып  коюп

Бөрү –Токойдо кала берди.

Сентябрь айынын беш-алтылары болуп калган эле. Окуу мез-

гили  башталганына  байланыштуу  Кашкардын  автобекетинен  туш

тарапка жөнөп жаткандар огеле көп. Билет алыш үчүн кассалага ке-

зек күтүп турган адамдардын аягы сыртка чыгып кетиптир. Анын

үстүнө Бишкеке -Торугат аркылуу кетүүсү автобуска жакын арада

орун жок экен. Эмне кылсам… Нажимидин абамдын Кашкардагы

тар  батирине  кайра  барамбы?.. Же  билет  табылганча  мейманкана-

да саргарып жата беремби?

Уландысы бар

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.