КЫТАЙДА КАЛГАН АРМАН / 2-САПАР / 8-БӨЛҮК

Кытай, Кочкор-Ата айылы

12З- 4- 567

 

8-бөлүк

Жалил аксакал менин тууган издеп келгениме кубанып жобурап, ошол каар

замандарда Кытайга качып келген кыргыздар, анын ичинде Анапия казы

тууралуу айтып отурду:

– Анапия казынын өзү менен ээрчите келген балдары ушул Коч-

кор-Атада  жашап,  1956-жылы  уруксат  болгондо  Кыргызстанга,

Алайга  көчүп  кетишти.  Мамадамин  деген  бир  уулу  абдан  сабатуу

болгон. Сельсоветте кадип (секретарь) болуп иштеген. Кол жазмасы

өтө чырайлуу эле. Бул жерде жүргөндө Болот деген чоӊ молдодон

сабак  алган.  Молдо  Болот  да  Анапия  казынын  эжесине  үйлөнгөн

экен, бирок балалуу болбой ажырашыптыр. Мамадамин тагам окуу-

сун кийин дагы уланткан. Эгер Кытайдан көчүп кетпегенде ушул оо-

данга райком боло турган билимдүү, атасындай зирек  адам эле. Бул

жакта Гүлсүн деген кызга үйлөнүп балалуу болушпай ажырашкан.

Мамадамин тагам Кыргызстанга көчүп кеткенден кийин мага

кат жазып турду. Бир күнү сүрөттөрү менен кат келди. “Бул менин

аялым Арзыкан, бул болсо уулум Жаӊыбай”- деп жазыптыр.

Алар Кыргызстанга көчүп кетишкенден көп узабай 1960- жыл-

дары Кытай менен Совет өкмөтүнүн мамилеси начарлап, байланыш

үзүлдү.  1962-жылы  Жүӊгөдө  маданият  ыӊкылабы  болду.  Ошон-

до мени өкмөт куугунтукка ала баштады. “Сен Совет өлкөсүндөгү

адамдар  менен  кат  алышат  экенсиӊ,чыккынчылык  кыласыӊ”-деп.

Мен “ кат алышканым чын, бирок бул катты өкмөт өзү алып келип

берип  жатат,  асмандан  өзү  келип  түшүп  калган  жок,  мен  эч  нерсе

жашырбайм,  мына  окуп  көргүлө,  аманчылыкты  сурагандан  башка

эч нерсе жок” дедим. Окуп көрүп анан унчукпай калышты. Кийин

“казынын  баласы  болгонсуӊ”  деп  да  күнөөлөштү.  Анан  мени  хан

вазир (сот) болуп иште дешти. 13 жыл сот болуп иштедим, 17 жыл

коорпаративде иштедим.

Энем Анапия казынын кызы болгон. Бойго жеткен кезинде кел-

ген экен. Алайды жүда көп арман кылчу.

–   Алайды    бир  көрүп    өлсөм    арманым  болбос  эде,  Алайдай

жер жок, Алайдын алмасы, жайлоолору, суулары көзүмдөн кетпейт-

деп көп арман кылчу. “Балам кудайдан өмүрүӊдү тиле  аман болсоӊ

барасыӊ“- дечү.  Ошондуктан апамдын мурасы катары мүмкүнчүлүк

болор менен Кыргызстанга барууга шашылдым. Кыргызстан эгемен

мамлекет болгондон бери үч ирет барып, тууган –уруктарды таап,

жолугуп  келдим.  Ал  жактагы  тага  журтум  жакшы  турушат  экен.

Анапия казынын неберелери көп жерлерди кыдыртып көрсөтүштү.

Менин аялым да Анапия казынын небереси. Энелерибиз эже-

сиңдилер. Аялымды да ала барып туугандарына жолуктурдум.

–   Жалил аба, бул Бөрү-Токой, Бостон-Терек, Кочкор–Ата айыл-

дарында  кыргыздар  кайсы  замандан  бери  отурукташып  калышкан

экен?

–   Эми  бул  жерлер  илгертеден  бери  эле  кыргыздар  жайлаган

жерлер болсо керек.   Жер-суулардын аталышы бүт кыргызча.  Орто-

Токой,  Айык-Төр, Жарма, Каз, Сагызгандык,  Айлакы, Сарыбакы,

Кабык, Шилби, Очогор, Улук арт, Кызыл аяк, Ой таш, ж. б.

Бирок  биздин  аталарыбыз  бул  жерде  жашаган  элдин  көбү

1916-1930-жылдарда Кыргызстандын аймагында Совет өкмөтүн ор-

нотуу мезгилиндеги коогалаӊ жылдарда  орустардан качып келген-

дер  дечү.  Көпчүлүгү  Алайдан  ооп  келишкен  тейиттер,  кыпчактар,

согурлар. Ноокат тараптан келген төөлөстөр да көп.

********

КЫТАЙДА КАЛГАН АРМАН / 2-САПАР / 8-БӨЛҮК

Кочкор -Ата, Мажит шинжаң,  Жалил аксакал ж.б.

Ошол  күнү  Бөрү-Токойдо  Абдирайим  абанын  үйүндө  түнөп,

эртеси  Анапия  казынын  өмүрүнүн  акыркы  жылдары  өткөн  Коч-

кор- Ата айлына  бармай болдук. Бөрү – Токой айылы менен Коч-

кор-Атанын  аралыгы  отуз  чакырымдай  экен.  Унаа  маселесин  Ма-

жит шинжаӊ  чечмей болду. Анткени Кочкор-Ата бир топ эле өйдө,

бийик тоолордун койнунда жайгашкандыктан ат-эшек, же болбосо

трактор сыяктуу күчтүү унаа керек экен.

Эрте  менен  көптү  көрүп,  турмушка  башы  бышкан  Мажит

шинжаӊ  үч дөӊгөлөктүү бир тракторду тапты. Мындай трактор за-

воддо  жасалабы  же  кустардык  жол  менен  өздөрү  жасап  алганбы,

айтор,  трактор  десеӊ  тракторго  окшобогон,  үч  буттуу  “Муравей”

атыккан мотоциклдердин эле чоӊу экен.

Ошентип  биз:  Мажит  шинжаӊ,  Абдирайим  аба,  Жалил  акса-

кал төртөөбүз тарылдаган трактордун үстүнө чыгып алып Кочкор-

Атаны көздөй  кара май төшөлгөн тегиз жол менен сызып жөнөдүк.

Жыйырма  чакырымдай  жүргөндөн  кийин  трактор  тоого  карай  бу-

рулуп,  өр  тарта  баштадык.  Мына  ошондо  Мажит  шинжаӊдын  үч

дөңгөлөктүү трактору өжөрлүгүн көрсөттү. Тоодон түшкөн сел өзөн-

сайдын ичин шагыл таштарга толтуруп жолун изи да көрүнбөйт. Биз

түшкөн  трактор күчкө салып, кара түтүнүн буркуратып, таштан –

ташка урунуп өрдөп баратты. Ичимден ”минтип жетпейбиз го, трак-

тор  тез  эле  токтойт”  дедим.  Бирок  трактор  токтободу,  улам  суусу

ысып,  ысык буусун бүркүп жатты. Жаӊылап суу куйуп алып өрлөп

кете бердик.

Ошентип  он  чакырымдай  жолду  таштан-ташка  секиргендей

жүрүп  отуруп  Кочкор–Атага  чыгып  келдик.  Туулуп  өскөн  айылы-

на келген Жалил аба кадимкидей күүлөнүп-күчтөнүп алды. Киндик

каны тамып, балалык чагы, жаштыгы, өмүрүнүн күлгүн кези өткөн

айылын ким жакшы көрбөсүн. Жалил абанын жашы сексендин кы-

рында, азыр ал туулуп-өскөн айылынан  ыраакта, Бостон –Теректе

жашап жатыптыр.

********

Кочкор-Ата  бийик  тоолордун  койнунан  орун  алган  бүркүттүн

уясындай керемет жер экен. Тоолордун бети калыӊ  арча, карагай,

тал  менен  капталып,  мал-жанга  жайлуу  көрүнөт.  Айылда  отуз-

кыркка  жакын  кожолук  жайгашып,  өзүнө  ылайык  мөлтүр  булагы,

чөпканасы  да  бар.    Айылдын  ортосундагы  жалгыз  булак  -“Мазар-

Булак”- деп аталат. Мазар-Булактын так үстүндө чоӊ көрүстөн жай-

гашкан.  Кочкор-Атада  жашап,  бул  жарык  дүйнөдөн  өткөндөрдүн,

алардын арасында  Анапия казынын  сөөгү да ушул мүрзөгө коюл-

ган.

Мазар – Булактын көзүнөн ылдыйраактан  көл кылып тосуп ко-

юшкан. Бул тосмону мындан бир кылым мурун алардын ата-бабала-

ры тосушканын айтышты  Айылда жашаган элдин тирилиги, сууга

болгон муктаждыгы, эгин-тегин сугаты  ушул булакка байланган.

Айылдагы  ылайдан  согулган  жалпак  тамдар      эски  заманды

эсиңе салат. Бул жерде да кадимки мал жандуу кыргыздын тирили-

ги. Мезгил сааты күзгө тартып калгандыктан  чөп-чөнөк жыйналып,

эгин жайларда малдар жайылып оттоп жүрөт. Бирөө төсүн жетелеп

сууга келди… Өӊү жайлоонун суугуна туушуккан бир эже тандырга

от койду…

Мына эми биз өйдөлөп айылдын үстүндөгү мүрзөгө чыга кел-

дик. Оболу отуруп ушул жайканада жаткан маркумдарга багыштап

куран окуп, сообун багыштадык. Анан мүрзөлөрдү аралап Анапия

казынын сөөгү коюлган жайга келдик.

Жалил аксакал:

-Таятамдын жайы ушул, мына бул көк ташка ысымы жазылып

баш жагына коюлган, – деди. Биз  отуруп куран окуп сообун Анапия

казынын арбагына багыштадык.

Анан мен “Жалил аба бул ташты сүрөткө тартып алсам боло-

бу,”- дедим.

– Жүда болот, тарта бер – деди.

Жалил  аба  менен  Мажит  шиӊжаӊ  мүрзөлөрдү  аралап  көзү

өткөн  тууган  –  уруктарынын  жаткан  жайларын  издешип,  куран

окушуп  көпкө жүрдү. Биз Мазар булактын үстүндөгү дөӊчөдө ту-

руп  Кочкор–Атадагы  элдин  турмушуна,  жаратылышка  көз  салып,

сүрөткө тартып, айылдын ак көӊүл адамдары менен баарлаштык.

Мындан бир кылымдай илгери коммунисттик кудайсыз коомду

орнотуу үчүн Совет өкмөтүнүн кыргын салган кандуу чеӊгелинен,

каардуу саясаттан качып, өздөрүнүн эркиндиги үчүн күрөшкөн бир

муун  Кытайга  качууга  аргасыз  болгон.  Алардын  бир  тобунун  ба-

шында Анапия казы туруп, узак жол басып, эчен ашууларды ашып

ушул Кочкор-Атага келип байырлап калышкан. Каар замандан кач-

кан элдин аянычтуу абалы, Алайда, андан кийин жолдо көргөн ко-

руктары Ысманалы ырчынын ырларында даана чагылдырылган.

Анапия казынын Кочкор-Атада туруп калганын да бир нече се-

бептери болгон:

Биринчиден,  бул жерлик Осмон казы менен  анын мурдатан

тааныш болушу, экинчиден, Кочкор-Ата Алайдагы ал жашаган Же-

кенди,  Шивенин  жерине,  жайлоолоруна  окшоштугу,  үчүнчүдөн,

жолдон далдаалыгы, эгер арттан куугун келсе тоо таяна качып, ашуу

ашып карматпай кетүүгө ыӊгайлуулугу. Мунун баарын Анапия казы

жакшы түшүнгөн.

Жергиликтүү эл жаз, жай айларында Кочкор – Атанын үстүнөн

ички Сарыкол тарапка ашса болорун, бирок ашуу бир топ татаал эке-

нин  айтышты.  Негизинен  Алайдан  Кытайга  качып  келгендердин

көбү ички Сарыколдо: Моожуда, Күн тийбесте, Кыяк-Башыда, Булуӊ-

Көлдө туруп калышкан. Алардын ичинен Анапия казыны  курдашы

Осмон казы тосуп алып Кашкарды ылдыйлатып Кочкор–Атага алып

түшкөнү маалым.

КЫТАЙДА КАЛГАН АРМАН / 2-САПАР / 8-БӨЛҮК

Кадимки Кашкар

Саркол  менен  Кочкор-Ата  бийик  тоо  кыркаларынын  эки  та-

рабында  жайгашкан.    Кочкор-Ата  Кашкарга  жакын,  аба  ырайы

жылуу, жашоого ыӊгайлуу. Сарыкол болсо деӊиз деӊгээлинен 3500-

4000  метр  бийиктикте,  катаал  шартта    жайгашкан.  Мына  ушун-

дай ыӊгайлуулуктардан улам Анапия казы Кочкор – Атага токтоп,

жергиликтүү  эл  менен  биротоло  аралашып,  сиӊип  кетүү  үчүн  Ос-

мон казы сыяктуу эл-журтуна таасирдүү адамдарга кыздарын берип,

куда-сөөк күткөн. Бул ошондой оор, коогалаӊдуу мезгилде жашап

кетүүнүн,  бала-чаканы  “канатууга  чокутпай”  аман-эсен  алып  ка-

луунун  эӊ  жакшы  айла-амалы  болгондугу,  аны  Анапия  казы  мык-

ты пайданала алгандыгын айгиленейт. Үй-бүлөөсүн, бала-чакасын

ишенимдүү жайгаштырып, көӊүлү тынчыгандан кийин гана Анапия

казы “эми өлө берсем болот, мен ыраазымын” деп айтканы да маа-

лым.

Анапия казынын Кытайдагы өмүрү кыска болгон. Кочкор-Атага

келгенден алты жылдан кийин ал ооруп, 63 жашында каза болгон.

Бирок артында анын өмүрүн улаган балдар-кыздары очогунун отун

өчүрбөй 1956-жылы өз мекендери Кыргызстанга, Алайга көчүп ке-

лишкен.

Ошентип  күн  кечтеп  Кочкор-Атага  болгон  сапарыбыз  аяктап

баратты.  Мажит  шиӊжаӊдын  айда-жылда  бир  келгенине  кубанган

айыл  аксакалдары  “конуп,  конок  болуп  кеткиле,  союш  кылалы,

Кыргызстандан  да  тууганыбыз  келиптир”,-  деп  көпкө  кармашты.

Бирок,  Мажит  шинжаӊдын  табы  качып,  башы  ооруп  тургандык-

тан көнбөдү. Жаӊы жабылган ысык нанга каймак сүртүп жеп, бир

чыныдан чай ууртап анан баякы селдин ташына толгон сай менен

Бөрү -Токойго кайттык.

Уландысы бар

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.