12З- 4- 5

Күн -Тийбесте да менин тугандарым жашашат. Чоң атам Садыкбай менен бир тууган Шадыбектин бир уулу Сатыбалды мерген өмүрү өткөнчө Күн-Тийбесте жашап, өткөн кылымдын жетимишинчи жылдары дүйнөдөн өтүптүр. Сатыбалды мергендин балдары мени тосуп алып тапкандарын алдыма коюп коноктошуп,  чапан  жаап  сарпайлашты.  Нүсүрат  аванын  бир  баласы Шаңхайда окуйт экен. Аларда балдарыбыз  билим алса деген ынтызарлык күч .

Күн  –  Тийбестеги  туугандарым  да  Ысманали  ырчы  тууралуу эч  нерсе  билишпейт  экен.  Алар  менен  амандашып,  ар  кайсыны сүйлөшүп  отурганыбызда  Булуң  -Көлдөн Саипжамал  эжебиздин уулу Бурканидин ава чалып  Булуң – Көлдө Ысманалы аттуу  адам жашап өткөнүн, анын азыр Элеман аттуу небереси бардыгын айтып, “  шолбу,  шол  эмеспи,  өзүңүз  тактайсыз,  эми  бизге  келе  бериңиз” деди. Чынын айтсам бул жаңылыкты угуп абдан кубандым. Асмандан  издегеним  жерден  табылгандай  болду.  Муну  уккан  Нүсүрат абам азыр эле “Булуң-Көлгө машине менен таштатып койом”- деди.

 

КЫТАЙДА КАЛГАН АРМАН / 2-САПАР / 6-БӨЛҮК

Күн -Тийбес айылы, Сатыбалды мергендин урпактары

Күн  тийбестен  чыгып  жүз  чакырымдай  таштак  жол  менен жүрүп кечке жуук Булуң-Көлгө жете келдик. Моожуга салыштырганда Булуң-Көл тогуз жолдун тоому экен.

–   Мунан ары ашуу ашып Пакистан жакка чоң жол кетет, жолоочу көчөдө кавайт, ары-бери өткөн машине көп –дейт Нажимидин ава. Бурканидин аба коюн союп, дасторконун жайып  бизди күтүп олтурган экен: –   Мыйман  бала  жанагы  мен  айткан  Ысманалинин  небереси Эламан Кашкарга  түшүп кетиптир. Бүгүн түндөп чыгып келет. Эми шашпаңиз- деди.

Бул    Булуң  –Көл  айылынын  элинин  да  бүтпөгөн  арманы  бар экен.   Кетмен-Төбөлүк  чыгаан  акын  Алик  Акималиевдин  өзүнүн Токтогул суу  сактагычынын астында калган Акчий-Карасуу айылы тууралуу :

Акыркы ирет тиктейм кыйырын талаанын,

Чөптөрүңдү келди назик сылагым,

Кордук менен көчтүк сенден айла жок,

Кош бол айылым, кош бол Апа сымалым.

Ыйласамбы ыр жазуудан көрөкчө,

Саган ырды жазмак элем бөлөкчө.

Таппайм эми!

Омкорулуп түбүмдөн,

Тамырларын шамал жуулган терекче.

Армандардын арманы да шул болот,

Атаң эмес айылыңдын “көзү өтсө”- деп

жүрөк сыздатып  ырдагандай  бул жерде да суу сактагыч курулуп    Булуң-Көл  айылы  суунун  түбүндө  калыптыр.  Жашыл  айдың шиберге жатакалып оонаган айыл адамдары армандарын айтышса жүрөгүң  ачышат.  Аларга  Кытай  өкмөтү  адырга  заманбап  үйлөрдү салып  берип  көчүрүптүр.  Бирок  бу  жерликтер  жаманда  болсо өзүбүздүн  эски журтубуз, өлөң сазыбыз жакшы эле “ дешет. Жаңы салынган  үйлөрдүн  четине  атайын  аянтча  курулуп.,  ал  жерге  Манастын  эстелиги  орнотулуптур.  Аны  2012-жылы  экс-Президент.  Р. Отунбаева  барып ачып, эл менен жолугушкан. Булуң-Көл  айылы  Алайдан  качып  барган  Кайтакы  мергендин небере кызы Саипжамал эжебиздин балдарынын ата журту.

********

Саипжамал  эжебиз  Кытайга  качып  барган  Алайлык  кыргыздардын ичинен эң зирек, көптүү билген аял болгон экен. Чоң атасы Кайтакы мерген небереси Саипжамалды атына учкаштырып алып Кытайга качканда ал болгону алты жаштагы секелек кыз экен.  Балдары апалары Алайдагы жашоолору, качып келе жатканда жолдо көргөн кыйынчылыктары, Ысманали ырчынын ырлары тууралуу көп айтчуу дешет.  Бирок  балдары  энелеринин  көзү  тирүүсүндө    айткандарына маани беришбептир.

КЫТАЙДА КАЛГАН АРМАН / 2-САПАР / 6-БӨЛҮК

Булуң-Көл айылындагы Манастын эстелиги, Саипжамал эжебиздин балдары менен

– Атта-аң, беш-он жыл мурда келгениңизде апамдын көзү тирүү эле, баарин айтип бермек”-дейт уулу Бурканидин ава .Мен молдо Ысманали Саипжамал эжебиздин атасы модо Курбан тууралуу :

………………………………………..

Ашимбай менен Курбанбай,

Шакка конгон булбулдай

Сайратып булбул тилини,

Таспи Курган маанисин,

Билген эле туйгундар.

Туура отузга жаӊы эле,

Кирген эле туйгундар.

Медиресе мечитке,

Баскан эле туйгундар.

Начар иштен ыраак,

Качкан эле туйгундар – деп ырдаганын айтсам,  Нажимидин  аба  :  “  Ово,  бул  ырларды  апам  өмүрү өткөнчө  ырдап  жүрдү”-  дейт.  “Ашимбай  менен  Курбанбай”  деген жерин “Молдо Курбан, молдо Ашим” деп ырдачуу экен. Саипжамал эжебиз  Ысманалы ырчыны көргөн, ырларын жакшы билген аял болгон. Ал ошол каардуу репрессиядан качып келгендердин акыркысы катары токсон ашып өмүр сүрүп, мындан алты жыл мурун дүйнөдөн өтүп кетиптир.  Жашы токсондон өтсо да Сайипжамал эжебиз “ мени бир Алайга алып барсаңар, туулуп-өскөн айылымды бир көруп өлөйүн”деп арман кылчуу экен.

Ошентип,  ал  күнү  Булуң  –  Көлдө  түнөп  калдык.  Эрте  менен нанүштө кылып отурсак Бурханидин аба айткан Ысманалинын небереси кирип келди. Жакшылап таанышып, амандашып алган соң  чай үстүндө баарлаша баштадык.

–   Чоң атам Ысманали  өткөн кылымдын башында Алайдан качып келиптир.  Алайдын Кашка-Суу деген айылында турушчу экен. Бул жакка келгенден кийин үйлөнүп  Аамат, Бектай аттуу эки уулдуу болуптур. Мен Бектайдын баласымын. Аамат авамдан туяк калбаптыр…

–   Чоң атаңыз Ысманали  ырчы болгон бекен?

–   Чоң атабыздын ырчы болгонун билбейм, бирок  уулу Аамат чоң  акын  болгон.    Кытайдагы  Коммунистик  партиянын  саясатын  жактап    ырдаган.  Ону  басмачылар  өлтүрүп  кетиптир.  Үйлөнгөнгө да үлгүрбөптүр. Онун жазган ырлары китеп болуп чыгып азыр мектептерде окутулат- деди.

–   Кайсы уруудан болосуңар?

–   Согурбуз…

Алайда согур деген уруу жашаганын укпагам. Бул башка Ысманали  болуп  жүрбөсүн…  Мен  издеген  Ысманали  ырчы  Алайдын Шивэ  айылынан  болгон.  Ошол  айылдан  Кытайга  качкан.  Уруусу торайгыр кыпчак, анын ичинен –колчок….Булуң-Көлдөгү Ысманалинын небереси Элеман атадан жалгыз уул экен. Жашы элүүгө таяп калса да перзент көрө элек болгондуктан Кыргызстандан тууган таап катташканга өтө куштар болуп: –   Илайим эле шол Ысманали болгудай эде – деди. Мен Булуң-Көлдө туруп эле Алайдагы туугандарыма телефон чалып  тактап  кирдим.  Чындыгында  эле  ошол  отузунчу  жылдарда  Алайдын  Кашка-Суу  айылында  аз  үйлүү    согурлар  жашаган  экен. Кийин Кытайга качкандан калгандары Ноокат тарапка көчүп кетишиптир. Муну мага Кашка-Суунун жанындагы Жайылма айылын-да  жашаган  Кайтакы  мергендин  80  жаштагы  уулу  Абибилла  аба тастыктап берди. Кийин Кыргызстанга келип Аамат  ырчынын Кытайдан бир туугандар берип жиберген араб ариби менен кыргызча жазган ыр жыйнак китебин таптым. Андагы маалыматка караганда. Булуң  –Көлдүк  Ысманали  Кытайга  1916-жылдар  барган  көрүнөт. Анын уулу Аамат 1917-жылы Булуң-Көлдө төрөлгөнү жазылыптыр. Ошентип  менин  издеген  ырчым  дагы  оңунан  чыкпай  калды. Түшкө  жуук  Булуң-Көлдүк  туугандар  менен  кош  айтышып  жолго чыктык . –   Алла буйруса кийинки жылы Кыргызстанга баралы деп жа-табыз, насип кылса дагы көрүшөрбүз – деди Саипжамал эжебиздин балдары Бурканидин , Нажимидин авалар.

Уландысы бар

 

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.