Менин Кытайга жасаган 2-сапарым абдан кызыктуу болду. Ал жакта мен деңиз

деңгээлинен 4000 метр бийиктикте жашаган боордошторубуздун татаал жашоосу менен

таанышып, алардын кубанычы менен көйгөйлөрүнө ортоктош болдум!

 

12З- 4- бөлүк

Моожу  кыштагы Кытай Сары-Колундагы эл эң жыш жайгашкан

айыл экен. Деңиз деңгээлинен 4000 метр бийиктикте жайгашкан

бул айылда үч миңге чукул түтүн бар дешти. Бирок бир дагы

даараткана жок экен.. Караңгыда кытайдын панаригин жандырып

алып талааламай. Айыл жайгашкан жер түздүк. Жакын арада

жашынарга кокту – колот да жок. Бул жакка электр чубалгысы да

жетпеген. Күн батереяларын пайданалышат. Күндөн энергия алган

батереялар кечиндеси үлбүлдөп жарык кылганга жарайт.

Айылдын чыгыш-батыш тарабындагы  чокуларын кар баскан

тоолор  алда  кайда  алыс  көрүнөт.  Түндүк  тарабындагы  өтө

бийик эмес адыр тоолор жакыныраак.

–   Оонаву кырдын нар жагында дагы бир кыр бар, шону ашсаң

Совет- деди, Нажимидин аба .

Совет дегени “Советтер Союзу” дегени экен. Совет мамлеке-

ти эчак кыйрап калса да бул жактагылар бизди “Советтен келишти”

деп илгерки көнүп алган тилдери менен айтышат. Нажимидин аба

топоздору жоголгону тууралуу бир кызыктуу окуяны айтып берди.

Бул өрөөн Тажикстандын Мургап району менен чектешет экен.

Чек ара тоо  тилкелери болгондуктан  эч нере менен тосулбаптыр.

Бул жерлик кыргыздар акыркы  жыйырма жылда  беш миңдей то-

поздорун  уурдатыптыр.  Ким  уурдаганы,  кайда  кеткени

билинбей жүрө  берет.  Бир  күн  Нажимидин  ава,  дагы  беш  –

алты  адам  тоонун сыртына чыгып ууруларды аңдып жатышат.  Түн

бир оокумда кайдан-жайдан уурулар пайда болуп бир топ топозду

Тажикстандын чек арасын көздөй айдап жөнөшөт. Ошондо

ууруларды аңдыган топ  алардын артынан кууп жөнөшөт.

–   Таң атып калган эле, ууруларды кууп отуруп Тажикстандын

чек  арасына  кирип  кеткенибизди  билбей  калыпбыз.    Бизди

солдаттар кармап алышты.   “ Не келдиңер” дегенин “ууруларды

кууп келдик,  бул  биздин  топоздорубуз”  десек  нары    барып

өздөрүнчө сүйлөштү да анан бизге келип ,”топозуңарды айдап тез

жоголгула”деп, анан орусчалап дагы бир сөздөрдү айтып

кыйкырды. Биз кутулганыбызга, топоздорубузду кайтарып

алганыбызга кубанып кайтып келдик. Моожуга келип болгон

окуяны айтып өкматка кайрылдык. Кытай бийлиги кийлигишип

ошол Мургаптагы ушундай уурулукка катышкан бир топ адам кармалып, түрмөгө камалыптыр – деп уктук.

Ошондон кийин топоздорубузду уурдатпай калдык. Чек араны кай-

таруу да күчөтүлдү-дейт Нажимидин ава.

КЫТАЙДА КАЛГАН АРМАН / 2-САПАР / 5-БӨЛҮК

Кытай, Ички Сары-Кол, Моожу айылы

Нажимидин абанын айтканы жөндүү. Ошол 1990 – 2010-жыл-

дыр  аралыгында  Мургап  районунан  Кыргызстандын  Алай  райо-

нунун    аймагыгдагы    Сары-Могол  айылына  топоздор  тынымсыз

алынып  келип,  базарда  арзан  баада  сатылып  турган.  Көрсө

ошол топоздор Кытайлык кыргыздардын уурдалган топоздору

экен. Бул тууралуу эл ичинде көп сөз болчу.

********

Моожуга келгениме үч күн болду.  Кайтайын десем Кашкарга

түшүп кеткен таксилерден кабар жок. Мектептерде, окуу жайларда

окуу башталып айылдан кеткен адам көп, кайткан адам жок.  Сырт-

ка чыгып ары-бери басам. Топоз саап жаткан эженин жанына

барып аны-муну сурайм… Анан арыраак бассам бир эже түтүндүн

арасы-нан бир нерсе издегенсип жатат. Кызыгып жанына бардым.

Үйүнүн короосуна койдун кыгын (көңүн) өрттөп арасына көмөч

бышырып жатыптыр. Көпкө чейин карап турдум.  Чала күйгөн кык

түтөй берди. Шамал урган сайын түтүн туштарапка айланып, эже

көмөч казанын күйгөн  кыктардын арасына түртүп, түтүн жутуп

кыйналып жатты. Анан бир – эки көмөчү бышты. Менин конок

экенимди билип,  “кел, нан же” деди.

–   Эже минтип кыйналбай тандыр салыпдырып албайсызбы?-

дедим.

–   Ону ким кылат… Тандырга отун жок. Тандыр салган адам да

жок. Мурун тандыр болуптур…

–   Тандырга кык менен эле нан бышырса болот да… десем

–   Түтөйт, капкара кылып нанды ыштап салат –дейт.

– Мындай да…тандырга кыктан көбүрөөк салып от койосуз.

Биринчи  тандыр карарат, анан от күйүп бүтөөрдө  аппак болуп ага-

рат, чокту үйүп анан нан жабасыз-десем эже мени карап жылмайып, анан:

–    Мыйман бала эми биз антип нан жаап көрбөгөнбүз да, мурун

апаларыбыз тандырга нан жапчу”-  деди.

КЫТАЙДА КАЛГАН АРМАН / 2-САПАР / 5-БӨЛҮК

Кайтакы мергендин неберелери

–   Анда кыш печка салдырып алыңыз. Мындай… төрт бурчтуу

кылып, ичине сетка коюп – десем, –   Аны ким салат-дейт.

–   Мен эле салып берейин, тез эле бүтөт, – десем эже негедир

көңүлдөнбөдү.  Кыйналып  кысталып  жатып  түшкө  чейин  ондон

ашуун көмөч нан бышырды. Ошондо мен бул Кичи Сарколдук кыр-

гыздардын не үчүн  300 чакырым алыстагы Кашкардан нан сатып

жешкенин түшүндүм. Оор мээнет менен тапкан кызылдай акчала-

рын соодагерлерге кармата бергенине кейидим.  Балким кыргыз

эли-нин турмушу ушундайдыр… Мынчалык байоолук кыргыз элине

эле таандык сапаттыр…

********

Моожудан ары Кыяк – Башыга барып Ысманали ырчынын ките-

бин алып калган Ибрагимбектин чоо-жайын издеп таап, неберелер-

чеберелери болсо сураштырып көрөйүн десем Абдыгапыр аба:

–   Ол жак өтө эле бийик, анын үстүнө мен билгенден Кыяк-Ба-

шыда  Ибрагимбек  деген  адам  жашабаган,  андай  атанын

балдары жок. Ожакта саналуу эле үй-бүлөө бар. Биз жакшы

билебиз го-деди.

–   Анда  Күн-Тийбеске  кайтайын.  Машине  табылбаса  жөө  эле

кете беребиз. Жыйырма чакырым жол да кеппи, тоодо кой

кайтарып эле чоңойбодукпу десем, Абдыгапыр абанын балдары

короодо тур-ган эски машинени чукулап киришти. Эски, номуру да

жок машине-ни эптеп жүргүзүштү да, “алыска бара албайт, Күн-

Тийбеске жетип барар” дешип Нажимидин аба экөбүздү алып

жөнөдү.  “Боору бүтүн эл болбойт” деген чын белем, Абдыгапыр

абам мени мени узатып жатып көзүнөн жаш кылгырып:

–   Аллага аманат, тууган-урукка салам айт, жаш экенсиң, Алла

насип этсе дагы келерсиң… -деди.

Уландысы бар

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.