12З- 4-бөлүк

Жашоого жараксыз жерде жашаган кыргыздар

Таштак жол менен узак жол жүрүп келгенгеби, же жердин өтө

бийиктигиненби, айтор башым маң болуп кайда келип калганымды

түшүнө  албагандай  далдырап  калдым.    Тээ  алда  кайдан  көрүнгөн

ак баш тоолорго, бири-бирине учкашкан жапыз жер үйлөргө карап

бир азга турдум да анан “Биссимилла” деп үйгө кирдик. Жакшылап

амандашып,  ал-жайды  сураштырып  алгандан  кийин  үйдүн  ичине

көз чаптырдым.

КЫТАЙДА КАЛГАН АРМАН / 2-САПАР / 4-БӨЛҮК

Кытай, Ички Сары-Кол, Моожу айылы

Мен көнөө турмушту, эски сөздөрдү издеп жүргөн жазмакер-

мин. Андыктан  алыстан атайын ат арытып келип отурган соң бул

жакта  жашаган  кыргыздардын  турмушу,  жашоо-шартын,  каада  –

салты тууралуу бир нерселерди чиймелеп жазсам деп жүргөн соң

мага адамдардын  ар-бир кыймыл – аракети  маанилүү эле.

Конок үйдүн ички дубалдарына баштан-аяк улуттук кеште ти-

гилген  кездемелер  ороло  тартылып,  жерге  колдо  согулган  килем,

таар, кийиз салыныптыр. Ортого бизче айтканда “буржуйка” печке

коюлган. Сыртта күн жылуу болсо да мешке от күйүп, үстүдө тамак

бышып жатат.  Аңгыча дасторкон жайылды. Кооздоп чекилип бы-

шырылган жука нан, топоздун сары майы, топоздун айраны, анан

туз салынган сүт чай келди. Чоң чыныга сүт чай куйулуп сунулду.

Бала кезде биз мындай сүт чайды ичип чоңойгонбуз, бирок булар-

дын сүт чайды даярдоо ыкмасы башкачараак экен. Чыныга куйулган

сүт  чайды    кантип  ичүү  керектигин  билип  алыш  үчүн  Абдугапур

абамды карадым. Абдугапур аба өзүнө сунулган чайды алды да шор-

пого нан туурагандай нан туурады. Мен да  сыр билгизбей нандан

сындырып алдымдагы сүт чайга азыраак туурадым..

–   Нандан   сал,   курсагыңды   жакшылап   тойгозбосоң   түтөк

болосуң, жер бийик-деди Абдугапур аба.

– Көнүп алганча азыраак жейин –дедим.

Ошентип  дасторкон  үстүндө  баарлашып  отурдук.  Мен  тууган

издеп  келген  максатымды,  анан  Ысманалы  аттуу  Алайдан  чыккан

атактуу ырчынын ырларын издеп жүргөнүмдү айттым. Сөз кезеги

келгенде :

– Бу жерге салган килемиңиз Алайдын килеми го” – дедим.

– Аа.., билип койдуңбу.., туура баамдагансың, Алайда согулган

килем.  Атам  менен  бир  тууган  Байит  авам  алып  келген  эле-  деди

Абдугапыр ава.

КЫТАЙДА КАЛГАН АРМАН / 2-САПАР / 4-БӨЛҮК

Кайтакы мергендин неберелери

Кайтакы мергендин 1956-жылы  Алайга көчүп кеткен Абдибай-

ит, Абибилла деген уулдары, Сати деген кыздары бар. Абдибаит аба

Чоң –Алайда Жайылма деген айылда жашап, 2013-жылы көзү өттү.

Абибилла аба менен Сати эжебиздин көздөрү тирүү. Алар тууганда-

рын издеп Моожуга эки ирет келип кетишиптир. Бейиш болгур Абибила абабыздын көзү өтүп кетти.

–   Ава бул нан тоонун наны  эмес го.., – дедим нандын даамына

таңдана… Мен Алайда апамдын тандырга  жаап, кызарта бышырган

даамдуу нанын жеп чоңойгом, а бул нандын өңү кубарып шаардын

нанына окшоп турат…

–   Нанды Кашкардан алабыз -деди, Абдугапыр аба жылмая.

–   Кашкардан дейсизби.., Кашкар 300 чакырым алыста го…

–   Уйгурлар Кашкардан алып чыгып келишет, 4 моодон (юан)

сатып алабыз. Алар бизден курут, кой-козу сатып алышат…

Чынын айтсам өтө таң калдым. Ичимден “ушинтип кантип бол-

сун” деп кейип да алдым.

–   4 моо биздин кыргыз сомуна 45 сом болот экен. Анын үстүнө

өтө эле жука экен, өзүңүздөр эле жаап жебейсиздерби –дедим, жа-

ным кейип.

–   Нанды ким жабат, бул жерде отун жок -деди Абдугапур аба.

Эмне  дешимди  билбей  калдым.  “Бул   бизге  үйрөткөнүн

койсо экен” деп жаман көрүп калабы деп ичимден тынып калдым.

—   Өтө   эле   бийик   өрөөн   экен,   бираз   ылдыйлап   түшүп

жашасаңыздар болбойбу – дедим сөздү улай тапаңданып…

–   Ханзулар (кытайлар) келип “жашаганга жараксыз жер экен”

– деп кетишти. Эми биз үйрөнүп алганбыз да, бул жер жыргал да –

дейт Абдугапур абам.

Ханзулар туура айтат, кайсы жерде болбосун  мындай  бийик,

климаты  оор шартта топоз, кой, анан кыргыз гана чыдап жашайт.

Ал аз келгенсип кыйналып тапкан каражатына Кашкардан нан са-

тып жейт… Кагылайын тоо кыргыз… тоң кыргыз…

Ошентип бир саатай сүйлөшүп отуруп анан сыртка чыксак күн

кечтеп бараткан экен.  Абдугапыр аба:

–   Органга барып сенин келгениңди билдирип, каттатып койбо-

сок бале болот- деди.

Биз Можудагы ички иштер бөлүмүнө жөнөдүк. Бул жердеги эл-

дин үйлөрүн кара,  да ички иштер бөлүмүнүн заңкайган эки кабат има-

ратын кара..  Органдын эки кызматкери камераны коюп алып мени

төрт саатка чукул суракка алды. Кайдан келдиң, эмне максат менен

келдиң, кайсы жерлерге токтодуң, ким менен сүйлөштүң, Кыргыз-

станда турган дарегиң, тууган – уругуң.. Кыскасы суралбаган эч нер-

се калбады окшойт…

–   Чек ара түйүнү болгондуктан бизде талап ушундай, буга капа

болбо – деди авам, менин көңүлүмдү жайгарып.

Сыртка чыксак  эбак эле түн кириптир.  Асман чайыттай ачык

болгондуктан жылдыдар жымырайт. Мага бул өрөөндө жылдыздар

жерге өтө жакындай, тоолорго куйулуп бараткандай сезилди…

Кечки нанүштөгө отурдук. Дасторкон үстүндө “ырдайым деп

келген соң ырдаш керек”- дегендей сөздөн ишке өтөйүн деп Абду-

гапур авама:

–  Ысманалы  ырчынын  ырларын  таба  аламбы.  Анын  ырларын

билген жан барбы?-  дедим.

–   Таба албайсың, качаааңгы ыр экен… Аны  билген адам калба-

ды, баары өлүп жок болду. Анын үстүнө билсе да сага эч ким айтып

бербейт. Бул жерде “дубалдын да кулагы бар” дегендей сенин келген

–  кеткениңдин  баары  көзөмөлдө.  Көрдүң  го  булардын  сураганын.

Тууган издеп келдим деп тынч эле кетип калганың оң. Биз да тынч

болобуз, – деди.

Эми не дейим, бул туугандарымдын айткандары да жөндүү. Чек

ара  түйүнү  болсо…  Мен  го  кетип  калам,  а  булар  бул  жерде  жаша-

ган  эл  болгон  соң  зыяным  тийип  калбаса  экен…  Кандай  болсо  да

акырын жоолгоп сураштырып көрөйүн, мынча чыгынып келген соң

бар-жогуну биле кетейин дедим, ичимден тына.

Эртеси Абдугапыр аба койун сойуп, кошуна – колоңун,  тууган-

дарын  чакырып  конок  кылды.  Мен  чай  үстүндө  ошол  каар  заман-

да чоң аталарыбыз Алайдан качып  ушул жерге келгени, мурдатан

ушул жерде жашап келген журтту эл жолдо азап-тозокту тартып кел-

ген элди кучак жая тосуп алган адамкерчиликтери тууралуу Ысма-

нали ырчы:

…………………………………

Азамат-эрдин баласы

Мамажусуп мартабы

Мартабалуу эр экен.

Кыякбашы, Моожулар

Касиетүү жер экен.

Жерге курган эл экен.

Төрт чарчылуу, жакшылар

Ысмайыл бегим шер экен –

деп ырдаган жерлерин аягына чейин окуп берсем:

–   Овоо-оо, жакшы ыр экен, ырда айтилган адамдардын барды-

гынын неберелери бар. Бирок олор бул сиз издеген Ысманали ырчы

тууралуу эч нерсе билишпейт,-дешти. Мен акындын бул жерликтер

тууралуу айткандарын улай окудум:

……………………………………….

Жекенди кыпчак тагам деп,

Жете барып жоктогон.

Хан кыпчактын жээни,

Кадыры ашкан Каарбай,

Уругу кыпчак жээни,

Урматы ашкан Калыкбек.

Булбулдай аба Асанбек,

Мурунтан көргөн нускасы.

Карчыгадай Асанбек,

Кадимтен көргөн нусканы.

Талабы найман ичинде,

Тагдыр келген бабасы.

Кымызын кыстап ичирген,

Табгар болгон тагасы.

–   Аа-аа жүда жакшы, жүда жакшы. Каарбай да, Калыкбек да,

Асанбек  да,  Жантайбек  да  ушул  өрөөндө  жашап  өткөн  адамдар.

Алардын  небере  –  чеберелери  бар.  Эми  мыйман  бала  азыркылар

түгеле эч нерсе билбейт. Илгерки адамдар сөзмөр болгон да – дешип

алакан жайып отура беришти. Ысманали ырчынын жоголгон китеби

тууралуу бул жактан эч маалымат таба албайт экемин да деп ичим-

ден  кейип койдум.

Уландысы бар

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.