12-З-бөлүк

 

Көнө шаар Кашкардын таңы кулан өөк тартып сүрүлүп барат-

ты… Туш тараптагы мечиттерден азан айтылып чапанын жамынган

адамдар таңкы намазга шашып баратышты…  Биз Нажимидин аба

экөбүз багымдат намазын окуп,  нанүштө кылып алган соң  жолтан-

дабас таксиге отуруп Кашкардын түштүк тарабындагы бийик тоо-

лорду көздөй  жол тарттык.

Кичи Сарыкол (Мургаптын Кытай тараптагы бөлүгү) Кытайдын чек

ара аймагы болуп эсептелет. Андыктан биз сапарга чыгаар алдында

Кытайдын тийиштүү органдарын барып уруксат алып алдык.

Нажимидин  аба  экөбүз  тоо  таяна    баратып  эки-үч  чегара

түйүнүнөн өтүк. Бул жакта этникалык кыргыздарга бийликтин, хан-

зу элинин мамилеси жакшы болгондуктан мени көпкө кармабады.

Тоо тарапка бараткан уйгур улутундагыларды  дыкат текшерип жат-

ты.

Ошентип биз улам өр тартып кете бердик. Бул таштактуу кап-

чыгайдагы тар жол Пакистан тарапка алып барчуу эл аралык маани-

деги жол экен. Жолдун эки тарабы бийик аска зоолор. Тоо боорун-

дагы бираз жантайынкы жерлерге адамдар таштардан дубал уруп үй

куруп алышкан.

–  Бул  таш  үйлөрдө  кыргыздар  жашайт,-деди  Нажимидин  аба.

Дүйнөнүн кайсы бурчунда болбосун кыргыз эли ушундай табияты

катаал  шарттарда  чыдап  жашаганына  кээде  таңданасың.  Кыргыз  эли

бийик  тоолорго,  бороон-чапкынга  окшогон  кулк  мүнөзү  татаал  эл

окшобойбу…

КЫТАЙДА КАЛГАН АРМАН / 2-САПАР / 3-БӨЛҮК

Кытай, Ички Сары-Кол, Моожу айылы

КЫТАЙДА КАЛГАН АРМАН / 2-САПАР / 3-БӨЛҮК

Кайтакы мергендин неберелери

Биз  бараткан  жолтандабас  жүз  элүү  чакырымдай  тоо  таяна

өрдөп жүрүп отуруп анан күн батышты көздөй бурулуп, түзөңгө чы-

гып токтоду.

–   Мына бул көрүнүп турган аппак тоо- Муз Тоо, андан ары

Булуң-Көл, батышка карай Моожуга барабыз,-деп Нажимидин аба

божурап түшүндүрдү. Мен Ысманалы ырчынын ырындагы:

………………………………..

Кайыңдынын белинде,

Карга батып кыйналып,

Кыйлага тартык азабын.

Садыкбай менен Кадырбай,

Алган экен кыйла чай,

Жолдо ичтик кайнатып.

Сак-саламат баарыбыз,

Муз  Тоого келдик жакшылар,

Көздөрүбүз жайнатып . –деген жерин эстедим.

Касиеттүү  Муз  Тоо  …    Апаат  замандарда  Алайдан  качкан  эл

ушул аппак кар жамынгын  улуу тоого келип баш калкалап, жан сак-

таган экен да… “Атаң өлсө да атаңды көргөн өлбөсүн” деген накыл

сөз бар. Бул улуу тоолор биздин аталарыбызды көргөн. Аларды каар

замандын кандуу чеңгелинен калкалап калган…

********

Мына эми тоолору ак шөкүлө кийип, адырларына саргарган бе-

тегеден башка чөп өспөгөн бийик өрөөнгө чыктык. Бул өрөөн деңиз

деңгээлинен 3500 метрдей бийиктикте жайгашкан, климаты каттал

аймак экен. Биз батышка карай дагы да өйдөлөп бараттык.

–   Жылдыздардын түбүнө барат экенбиз да – дедим мен, тама-

шалап.

Жердин бийиктигинен тоолору да ушаланып кеткендей сезил-

ди  мага.  Анткени  мындай  бийик  аймактарда  абанын  басымы  аз,

күндүн радиациясы күчтүү болот эмеспи. Биз ушаланган бөксө тоо-

лодун ортосундагы бозоргон ойдуң талаа менен дагы жүз чакырым-

дай жүрүп  Күн-Тийбеске жете келдик. Жол катар жайылып оттоп

жүргөн топоздорду, болор-болбос өскөн жапыз чөптөрдү чалгы ме-

нен чаап жыйнап жүргөн малчыларды кезиктирдик.

–   Күн-Тийбес деген менен күнгө бет  жер экен. Бул жер эмне-

ге Күн-Тийбес деп аталат? -деп сурадым. – Онау өйүздө, тоолордун

арасында күн тийбеген жерлери бар-деди, -Нажимидин ава.

Күн-Тийбестеги   бири-бирине   учкашкан   жалпак   тамдарды

көрүп  мен  тээ  ойноок  бала  кезимдеги  турмушка  сүңгүп  кеттим.

Мындан  30-40-жыл  мурун  Алайда  ушундай  жашоо  эле.  Пайдуба-

лына таш төшөлүп  бышкан ылайдан курулган жалпак боз тамдар

бири-бирине  учкаштыра  салынчу.    Үйлөрдүн  үстүнө  курут  курга-

тышчуу же кемпир – чалдар күнгө кактанып жатышчу. Бул жашоо

менин  жүрөгүмө  канчалык  жакын  экенин  ошондо  сездим.  Адам

өткөн өмүрүн, балалыгын эстеп сагынат.  Арта калган балалыктын

аруу сезимдерин, ойноок кездерин издей берет… издей берет… Бир

ойчулдун: “бүт өмүрүмдү балалыктын бир күнүнө алмашпас элем”

деп айтканы бар…

Күн-Тийбестен  өтүп  дагы  жыйырма  чакырымдай  жүрүп  биз

Моожуга жете келдик. Моожуда мени чоң атам Садыкбай менен чо-

гуу  качып  келип  ушул  жерде  калып  кеткен  бир  тууганы  Кайтакы

мергендин небереси Абдугапыр аба “кош келдиңиз” деп тосуп алды.

Абдугапыр аба жапыз бойлуу, жашы жетимишке карай барат-

кан  кара  тору,  жумшак  мүнөз  киши  экен.  Менин  келгениме  чын

жүрөгүнөн кубанганы билинип турду.

 

 

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.