1-бөлүк    

2-бөлүк

Бишкекте жай саратандын ысыгы тарап, күн күзгө тартып калганда мен молдо Ысманали акындын куржун толгон ырларын из-

деп Кытайга аттандым. Биз түшкөн автобус Торугарт ашуусун ашып,  бир күнчөлүк жол жүрүп кечке жуук кадимки Кашкарга жакындай

баштады. Кытайга барып келип жүргөн жакшы санаалаш иним Акматалиден алган дарек боюнча мен Кызыл-Суу Кыргыз автоном об-

улусунун  борбору  болгон  Артуш  шаарында  түшүп  калып Мажит шинжаңга телефон чалдым.

Мажит шинжаң Бөрү-Токойдо бир топ жыл айыл өкмөтүн башкарып кытайдагы кыргыздарга төбөсү көрүнгөн, көптү көрүп, көп

билген, маселени шыр чечкен ачык-айрым киши экен. Мени кучак жая жакшы тосуп алды да анан не максат менен келгенимди ынта

кою угуп дароо эле ишке киришти. Мен:

– Мажит ава, мен Моожу, Күн -Тийбес, Кыяк-Башы деген жерлерге баруум керек. Ал жакта менин чоң атам Садыкбай дегендин

бир тууганы Кайтакы мергендин неберелер жашайт-дедим.

–   Туугандарыңдын аты-жөнүн айтчы-деди, Мажит шиңжаң.

–   Абдугапур, Абдирайим, Бурханидин, Нажимидин…

–   Бурханидин.., Булуң-Көлдөгүбү Бурханидинби?.. Агар ошол болсо анда таптык, ал менин кудам болот- деп, Мажит шинжаң теле-

фон чалып сүйлөшө баштады. Бурханидин  аба  Кайтакы  мергендин  уулу  молдо  Курбандын  кызы  Сайипжамал  эжебиздин  экинчи  уулу  экен.      Өткөн  кылымдын отузунчу жылдарындагы каар заманда молдо Курбанды кызыл аскерлер  “молдосуң”  деп  кармап  кеткенде  атасы  Кайтакы  мерген алты жашар небере кызы Саипжамалды атына учкаштырып, белине жоолук менен бекем таңып алып Кытайга качат.  Сайипжамал эжебиз ошол жакта бой жетип Кытайдагы кыргыздардан бүлөө күтүп,  үч улдуу, эки кыздуу болот. Ошентип, Мажит  шинжаң  менин  издеген  дарегимди  дароо  эле  тапты. Булуң -Көлдөгү Бурханидин ава менен көпкө сүйлөштү. Чамасы менин ким экенимди, кандай максатта жүргөнүмдү жакшылап такташты көрүнөт. Бул алар үчүн өтө маанилүү. Анткени Кытайда саясат чет өлкөдөн келгендердин жүрүм-туруму катуу көзөмөлдөнөт.

Мажит ава: ” Бүгүн  эми  кеч  болуп  калды,  биздикинде  конуп  аласың.

Туугандарың  сени эртең келип алып кетишет. Алар тоодон келишет,

жол алыс,” – деди.

Таң  эртеден  туруп  багымдат  намазын  окуп,  нанүштө  кылып алып  тоодон  туугандарым  түшүп  келгенче  Артуш  шаарын  көрүп алайын  деп  көчөгө  чыктым.  Артуш  чакан  шаар  экен.    Шаар  эми күчтөнүп,    бийик-бийик  жаңы  имараттар  курулуп,  кучагын  кенен жая көркүнө чыга баштаптыр. Артуш  Кызыл-Суу Кыргыз автоном обулусунун борбору болгон менен шаарда жашаган кыргыздар сейрек экен.

–   Мурун мамлекеттик ар кандай кызматтарда иштеген кыргыздар  гана  Артушта  жашачу.  Алардын  саны  өтө  эле  аз  болгон.  Эми гана кыргыздар тоодон түшүп, шаардан үй ала баштады – дейт Мажит шинжаң. Шаарда негизинен уйгурлар, ханзулар(кытайлар) жашашат экен. Түшкө  жуук  Саипжамал  эжебиздин  үчүнчү  уулу  Нажимидин абанын күйөө баласы, кызы жете келишти. Мажит ава менен убактылуу  коштошуп биз  Кашкарды  көздөй  жол  тарттык.  Күйөө  бала Кашкарда чакан батирде туруп, жолтандабас машинеси менен тоого эл ташып тирилик өткөрөт экен.  Каш карайганда Нажимидин ава тоодон түшүп келди. Бою узун, өңү тоонун суугуна карарып  бышкан, жашы элүүгө чамалап калган Нажимидин ава “кош келдиңиз” – деп кучакташып учурашты да анан: – Сизди тоого алып кел деп мени жиберди, буйруса эртең эртелеп тоого маңабыз. Кашкарды анан тоодон кайтып келгенде аралайсыз- деди. “Маңабыз” дегенине түшүнбөдүм. Көрсө уйгур тилинде “жөнөйбүз” дегени экен. Мен сөз издеп жүргөн адам болгон соң ар бир сөзгө маани берип сурап отурдум.

********

“Миң уккандан бир көргөн” деген накыл кеп бар эмеспи, алы- стан ат арытып келип Кашкарды көргөнүмө көңүлүм куштар болду.  Кадимки  Кашкар…  Миң  жылдык  тарыхы  бар  көнөө  Кашкар…  Каар  замандарда  качкан-тозгонду  койнуна  батырып  жай  турмуш, күч – кубат берген касиеттүү Кашкар…  Канча суктанып айтсаң датүгөнбөгөн керемет шаар-Кашкар…

КЫТАЙДА КАЛГАН АРМАН / 2-САПАР

Уландысы бар

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.