КЫТАЙДА КАЛГАН АРМАН / 2-САПАР / 13-БӨЛҮК

Кытай , Кочкор-Ата айылы

12З- 4- 56 –7 – 8 –9 – 10 – 1112

13-бөлүк

Гал начальниктин тагдыры

Сары болуш Кытайга ооп кеткенден кийин көп узабай Алайда “Жайлоо  совети”  уюштурулуп,  колхоздоштуруу,  байларды  камоо, “эски  замандын  калдыктарын”  тазалоо,  кулакка  тартуу  жараяны башталат.  НКВДнын  желдеттер  эки-үч  күндүн  ичинде  жүздөгөн адамдарды кармашып  Дароот-Коргонго айдап келип камашат.  Ка-малгандардын  арасында  Совет  өкмөтүнө  кызмат  өтөп,  Алайдагы ички иштер бөлүмүн жетектеп турган Гал начальник да болгон.  Гал  начальниктин  Сары  болушту  Кытайга  качырганын  баканооздор эбак эле кабарлап койгон болот.   Аны Шибээ айылынын үстүндөгү Кызыл – Көл жайлоосунан  кармап кетет. Гал начальник кармалардан жыйырма күндөй мурун ага кайнатасы  Садыкбай  :  “Биздин  угушубузга  караганда сени да камайт экен. Биз менен Кытайга качып кет”-дешет. Бирок Гал начальник “мен ушул Совет өкмөтүнүн кызматын кылып жатсам  мени  неге  камамак  эле.  Орус  менин  буйлалаган  төөм, мен не десем ошону кылат, мен булардын тилин жакшы билем”-деп болбой коёт.

КЫТАЙДА КАЛГАН АРМАН / 2-САПАР / 13-БӨЛҮК

Чоң-Алай өрөөнү

Гал  начальник  (  Анаркул  уулу  Гал  )  Чоң-Алайдын  Жекенди айылында  жашаган  сабаттуу,  орус  тилин  билген  адам  болгон.  Ал жаш  кезинде  Фергана  тарапта  соода-сатык  кылып,  орустар  менен аралашып, алардын тилин үйрөнүп, 1917-жылга чейин, андан кийин орустарга  тилмеч  катары  кызмат  өтөгөн.      1927-жылдардан  кийин Совет  өкмөтүнүн    атайын  кызматына  (НКВД)  алынып,  Чоң-Алай өрөөнүндөгү ички иштер бөлүмүнө  жетекчилик кылгандыктан аны “Гал начальник” деп аташкан.

Гал  начальникти  ата-бабалары  мурдатан  эле  Чоң  –  Алайдын Жекенди айылын жердеп турган.  Атасы-Анаркул, анын атасы-Тур-ду, анын атасы – Имамберди, анын атасы – Гененбай, анын атасы Айтек, Айтектин атасы Акакун. Чоң уруусу – торайгыр кыпчак. То-райгыр кыпчактын ичинен – кызылбаш.  Гал началниктин өзү менен бир тууган Жолдош атту иниси болгон. Жолдоштон Парча атту жалгыз кыз калып, Алайдан чыккан ырчылардын бири болгон айылдашы Кабыл уулу Матираим аксакалдын байбичеси болгон.

Гал начальник эки ирет үлөнгөн. Биринчи аялы – Умсунбүбү,   Умсунбүбүдөн – Досмамат атуу бир уул жана Бүүсара атту бир кыз-дуу болгон.  Гал начальник камакка алынган кезде бир тууган иниси Жармамат, уулу Досмамат артынан издеп барганда аларды да камап аталары менен чогуу айдалып кетип,  кайра кайтышкан эмес. Күйөөсүнөн, балдарына айрылган Умсубүбү байбиченин аянычтуу тагдыры тууралуу ошол кезде Алайдан чыккан акын молдо Ысманали мынтип ырдаган:

Умсунбүбү байбиче,

Упаларыӊ жок болду.

Алдыкаткан байбиче,

Арстандарың жок болду.

Карчыгадай азамат

Кайрандарыӊ жок болду.

Өмүрүң ада болгондо,

Отко күйдүӊ байбиче.

Жалындаган кыпкызыл,

Чокко күйдүӊ байбиче.

Аллахым асан кылбаса,

Газапка калдыӊ байбиче.

Азамат эрден айрылып

Азапка калдыӊ байбиче

Карындаш кабар алгыдай

Кайрылар заман болбоду

Кудалар кабар алгыдай

Кутулар заман болбоду

Капа болбо таалайыӊ

Кандай катык күн болду

Асирет менен күн өтүп

Агарар сенин  саамайыӊ

Гал началниктин экинчи аялы –Бүүажар.  Ажардан – Алиша, Карим аттуу эки уулдуу болгон.  Аталарын кармап кеткенде алар  үч-төрт жаштагы чиедей жаш балдар экен. Алиша аба көп жылдар райондук ар кандай кызматтарда иштеп, элине ак кызмат кылып, ушул Жекенди айылында көзү өткөн. Артында калган балдары неберелер тукумун улантып кетет. Алиша аба  өтө  боорукер,  адамдарга    жакшылык  кылып,    жакыр-жардыларга жардам берген күйүмдүү адам болгондугу тууралуу эл ичинде көп айтылат. Анын кайрымдуу адам болгондугу тууралуу академик Абдыганы  Эркебаев  “Бозорбойт  Сопу-Коргон”  деген  китебинде  өзүнүн  бала  кезиндеги Алиша абага жолугуп, анын жардамы менен Сопу-Коргондогу мектеп-интернатка жайгаштырылып калганы, бул анын тагдырындагы  эң  урунтуу  окуя  болгону  тууралуу кенен эскерүү жазган. Ал эми Гал начальниктин экинчи уулу Карим аба ата конушу Жекендинин  эң  кадырлуу  аксакалы болчу. Ал өткөн 2020-жылы 94 жаш курагында дүнөдөн өттү.

КЫТАЙДА КАЛГАН АРМАН / 2-САПАР / 13-БӨЛҮК

КЫТАЙДА КАЛГАН АРМАН / 2-САПАР / 13-БӨЛҮК

********

Атам Мамапткалыктын ( Аллах рахматына алсын)  көзү тирүүсундө эскерүүсүндө Гал  начальникти  “байларга  жан  тартат”  деген күнөө менен  жүзгө чукул адамга кошуп камакка алышып, боз үйгө камап  сыртынан  куралдуу  сакчы  койот.  Камоодогулар  түн  ичин-де “боз үйдү көтөрүп салып качып кетели” дегенде Гал начальник “орус түз пейил эл, чындыкка келсе бизди эртеӊ бошотот”-деп макул болбой коёт. Ошол бойдон Испайрамдын ичи менен сүргүнгө айдалып кетип дарексиз жок болот.

Р.S. Мындан эки жыл мурун ошол каар замандагы НКВДнын архивдик материалдары ачыкталып маалымат каражатында жарык көрдү. Анда 1930-жылдары Алайдан кармалып кеткен адамдар тууралуу мындай факты келтирилген:

Конвой расстрелял 127 невинных?

“…К тому же несколько лет назад, работая в архиве, обнаружил письмо секретаря киргизского обкома ВКП(б) А. Шахрая первому секретарю СредАзбюро ЦК ВКП(б) Б. Семенову от 8 августа 1931 года.

В этом письме он пишет: “На станции Андижан Первая в вагонах направлялись репрессированные бай-манапы Алайской долины в количестве, кажется, 150 человек. При попытке к бегству конвоем по вагонам была открыта стрельба. В результате было убито 127 человек. Привезены в Ош и зарыты…”

Уландысы бар

 

 

 

 

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.