КЫТАЙДА КАЛГАН АРМАН / 2-САПАР / 11-БӨЛҮК

 Кытай, Чоң Жылдыз өрөөнү

12З- 4- 56 –7 – 8 –910

Биз түшкөн автобус Чоң Жылдыз өрөөнүнөн ылдыйлап Күнөскө келип токтоду. Бул жерде ички чек ара көзөмөлү бар экен. Текшерүүдөн өткөн сөң тамактанып, айран ичип, бир аз тыныгып  алган соң кайрадан жол тартып күн кечтегенде Кулжага жете келдик. Кашкар менен Кулжанын байланыштырган татаал жол бир суткадай убакыты алат экен. Мен мурунку келишимде тааныш болуп калган Осмон абанын үйүнө конуп алып, аны менен мурунку баянымда сөз кылган Жалалабаддык Сары болуш тууралуу кененирээк баарлашып, эртеси Кытай менен Казакстан чектешкен “Хоргос” чек ара түйүнүнө  келдим.

КЫТАЙДА КАЛГАН АРМАН / 2-САПАР / 11-БӨЛҮК

Кытай,  Кулжа шаары

Кытайдагы  “дарбыз”  майрамына  байланыштуу чек арада эки-үч күн тыныгуу болуп калгандыктан элдин көптүгүн айт. Мындай учурда казак чек арачыларынын алкымына  май тамат  көрүнөт, айтор Кытайдын чек арасынан эч бир кынтыксыз өткөн элди, айрыкча мен сыяктуу чет элдиктерди Казак чек арачылары тоноп эле жатып калышты.  Кытай  менен  казак  чек  араларынын  ортосундагы нейтралдык аймак үч чакырымдай экен. Ушул кыска аралыкка казак чек  арачылары  автобустарды  коюп  ар  бир  адамдан  2500  теңгеден (700-800сом)  алып  автобуска  түшүрүп  жатышты. Казак чек арасына келгенде мылтыгын асынып, овчарка итин бош коё берген чек арачы аскер жүргүнчүлөргө өтө орой мамиле жасап, “катар туруңдар, кыймылдамаңдар” деп кыйкырып, анча-мынчалардын жерде турган жүктөрүн буту менен тээп, “алыңдар муну” деп,  анын ити жүргүнчүлөрдүн үшүн алып сумкаларын, кийимдерин жыттагылап, шимшилеп журдү. Балким алар баңгизат издеп жатышкандыр, бирок Кытайдан казакстанга баңгизат өтөөрүнө ишенбейм.  Ал  аз  келгенсип паспорттук  көзөмөлдөн  өткөндөн  кийин  да  казак  чек  арачылары жашыраак адамдарды “сен  булай  тур” деп  артка  түртүп, анан эл суйулганда “паспортуңдун  ичине  эки  мың тенге салып кой да өтө бер” деп далай адамдардын капчыгына кол салышты.  Алардын  арасында  мен  да  болдум.  Катуураак  сүлөсөң эле чөнтөгүңө бир нерсе сала коюп, алып барып камап салчудай. Кытайдан өтүп жаткан этникалык казактар, уйгурлар өздөрүнө жасалган мындай мамилеге наразы болуп, баштарын ылдый салып күңкүлдөп кала беришти. Айла жок, не дейсиң?.. Өнүгүп-өсүп жатабыз деген Казак мамлекетинин абалы ушундай… Мамлекеттин чек арасында кандай көрүнүш болсо ичи да ошондой да. Мен батыш-чыгыштагы көптөгөн өлкөлөрдө болуп, чоң-чоң аэропорттордон, чек ара түйүндөрүнөн өттүм, бирок мындай көрүнүш бизде, Орто Азия өлкөлөрүндө гана кездешет. Чек ара бекеттери видеокөзөмөл менен жабдылып, коррупцияга каршы эскертүүлөр илинип турса да чек арачылар аларды көзгө илишпейт. Мындай формалдуулуктун кимге кереги бар… Өтө өкүнүчтүү… Ошентип  ата-бабаларыбыз  ат  менен  басып  өткөн  узак  жолду басып Казакстандын чек арасынан өтүп Бишкеке каттачу автобуска отуруп түн жамына жүрүп Бишкеке жете келдим.

КЫТАЙДА КАЛГАН АРМАН / 2-САПАР / 11-БӨЛҮК

Кытай,  Хоргос шаары

Баянымдын кийинки 12-бөлүгүндө Сары болуштун Кытайга кандай себептен улам качканы тууралуу баян кылып берейин. Анын тагдыры абдан кызыктуу жана аянычтуу.

Уландысы бар

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.