КЫТАЙДА КАЛГАН АРМАН / 2-САПАР / 12-БӨЛҮК

Кытай , Кочкор-Ата айылы

12З- 4- 56 –7 – 8 –9 – 10 11

12 -бөлүк

Өткөн кылымдын 28-31 – жылдары  Совет өкмөтүнүн байларды кулакка тартуу, колхоздоштуруу саясатынын учурунда  миңдеген бейкүнөө адамдар набыт болуп, айрымдары каар замандан капшабынан Кытайга качып кутулушкан. Биз баян кыла турган Сары болуш  (өз аты-жөнү Сооронбай Үмөт уулу) да алардын катарында  болуп, башынан өтө оор күндөрдү өткөрүп, Кытайга качып Кулжа тараптагы Нылкы деген айылда жашап, ошол жерде көзү өткөн. Анда сөз башынан болсун.

КЫТАЙДА КАЛГАН АРМАН / 2-САПАР / 12-БӨЛҮК

******

Азыркы Жалал-Абад шаарынын четиндеги Беш-Баба (Октябрь) айылында Сары болуш аттуу аттактуу адам жашаган.  Сары болуш Кокон хандыгы Россиянын карамагына караган учурда орустар менен кызматташып, өз аймагына 1902-1916- жылдар аралыгында бий да болгон. Ал ортодо кандайдыр бир чыр-чатактан улам Сибирге үч жылга сүргүнгө айдалат. Кийин Совет өкмөтү менен да кызматташып, тоо-ташта жашаган кыргыздарды түздүкторгө жайгаштырууга чоң салым кошуп, 1916-1930-жылдардагы ачарчылыктарда элди аман сактап калуу үчүн көп дүйнө мүлкүн сарптайт.  Совет өкмөтү толук орноп,   коллективдештирүү  мезгили башталганда  Сары  болушка  “бай-манаптын тукуму” деген күнөө тагылып куугунтукка алынат. Өзүнүн урпактарына айтып кеткен маалыматка караганда анын мал-мүлкүн конфискациялоого ошол кезде Жалал-Абад шаарында жетекчилик кызматта иштеп турган Төрөкул Айтматов да катышат. Камалаарын сезген Сары болуш Кытайга качуунун айла-амалын издеп, Маргаландын  этегиндеги  кыпчак  уруулары  жашаган  Пахтакор  айлына качып барат. Ал Пахтокор айылынын аксакалдарына “мен  Кашкарга качып кетейин дедим эле бирок, Жалал-Абад, Өзгөн тарап менен кача албаймын, бул жакта мени баары тааныйт. Оруска кармап берсе камап койот. Силердин Алай тарапта туугандарыңар бар деп уктум, мени Алайга ашырып жиберсеңер андан ары Кытайга кетип калат элем ”-дейт. Ошондо аксакалдар: “ О бул жөн-жай иш эмес экен, биздин колдон  келбейт. Алайда  биздин  Гал  начальник  деген  тууганыбыз  бар, бир жараса ошол жарайт. Гал начальник жакында Парганага чогулушка келет, ошого айталы” дешет.

Ошентип,  Гал  начальник    Ферганага  чогулушка  келгенде  аны Сары болуш менен жолуктурушуп, тааныштырышат. Гал начальниктин колунда Совет өкмөтүнө иштегендигин тастыктаган документи, мөөрү бар экен. Ал Сары болушка “мал – келиңерди сатып менин артымдан Алайга чыгып баргыла” деп, өзүнүн адамдарына табыштап коёт. Сары болуш байбичеси менен, улуу баласы Бекмамат аялы менен төрт-беш атту болуп Үч-Коргондун ичи менен жүрүп отуруп, Испайрам аркылуу Алайга ашып, Дароот-Коргонго түшүп келишет да андан ары Гал начальник жашаган Жекенди айылына барышат. Кеч күз болуп калган экен, ошол жылы Алайга кар калың жаап Кашкарга кетчүү Сарколдун жолу тосулуп калат. Ошентип Сары болуш үйбүлөөсү менен Алайда  кыштап  калышат.

 

КЫТАЙДА КАЛГАН АРМАН / 2-САПАР / 12-БӨЛҮК

Чоң-Алай өрөөнү

Сары  болуштун  ашуу  ашып  Алайга  качып  келгени  тууралуу атам Маматкалык ажы көзү тирүүсүндө төмөнкүлөрдү айтып берген:

–  Ал кезде мен 10-11 жаштагы ойноок жаш бала элем. Анжиян тараптан Сары болуш  Гал начальникти үйүнө чыгып келген.  Гал начальник  менин бир тууган эжем Ажардын  күйөөсү эле.  Ал Жекендиде, биз Шибээ айылында жашайт элек.  Сары болуштун атка артып келген эки тең жүгү бар экен. Гал начальник  бир нерседен чачулаганбы же кайнатамдын үйүндө турсун дегенби, айтор  болуштун эки тең жүгүн Шибээге, биздин үйгө алып  келип  түшүрттү.  Атам  Садыкбай  жүктү  биздин  үйдүн  бир каанасына (бөлмөсүнө)  киргиздирип койду. Ошол жылы кыш эрте түшүп, кар калың жаап Сары болуш Кытайга кете албай Алайда калып калды. Бирде Шивээде биздин үйдө, бирде Жекендиге Гал началниктин үйүнө өтүп жашап жүрдү.  Бир күнү Маматали акам  (Садыкбай уулу Маматали) аркы үйгө кирип Сары болуштун эки тең жүгүн көтөрүп көрдү. Бир теңди оңой эле көтөрдү,  экинчисин  тизесине  койуп  араң  көтөрдү  да  “оор  экен” деди.  Анан   көрпө-төшөкө оролгон ошол оор тенди чечти.  Теңди чечсе  ичинде  чанач  сыяктуу  төөнүн    туюк  союлган моюн тээриси бар экен.  Ичи толо экен,оозун бекем бууп коюптур. Маматали акам  жыйырма бештердеги жигит эле. Төө мойун  чаначты чечип колун салып  бир  ууч  жалттыраган  нерсени  алып  чыкты  да  :  “оо,  муну көрдүңбү” деп чубуртуп кайра салды. Бул не десем “чака, чака-а” деп кайра оозун бууп, теңди өзүндөй кылып таңып койду. Көрсө алтын экен. Анын алтын экенин мен кийин эс тартканда билдим. Менин таң калганым Маматали акам ошол сары чакадан бирөөнү да албады. Чамасы бирөөнүн буюмуна тийген болбойт деген атамдан корксо да керек.  Атабыз Садыкбай алдынан анча -мынча адам  кыя өтө албаган өтө зарптүү киши эле. Атам бай турчу, бирок өтө каниетүү эле. Койлорубуз, уйларыбыз, топоздорубуз, төөлөрүбүз көп эле. Тууган-уруктарыбыз менен багып, жайлоолойт элек.

Гал начальниктин Сары болуштун жүгүн биздин үйгө койдурганы да кайнатасынын үйүндө бекем тураарына, эч ким тийе албасына  ишенгенинен улам болсо керек.. Ошол жылы жаз алды менен Сары болуш биздин үйдөгү эки тең жүгүн атына артып, аялы, баласы менен Кытайга качып кетти.

P.S. Сары болуштун андан кийинки жашоосу жана аны Кытайга качырууга жардам кылган Гал начальниктин өтө аянычтуу тагдыры тууралуу кийинки чыгарылыштарда баян кылам

Уландысы бар

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.