КЫТАЙДА КАЛГАН АРМАН / 2-САПАР / 10-БӨЛҮК

 Кытай, Чоң Жылдыз өрөөнү

12З- 4- 56 –7 – 89

10- бөлүк

Кыргызстанга билеттин тартыштыгынан улам Кашкарда бир

канча күн кала берүүгө менде эч шарт жок эле. Нажимидин

авамдын балдары тар батирде өздөрү батпай араң отурушат.

Мейманканалар болсо кымбат. Анан оюма  Кытайга болгон биринчи

сапарымда баян кылган Сары болуш башында турган кыргыздардын

Кашкардан Кулжага ат менен оор ашууларды ашып кантип

кеткенин  айылдаштары,  балдары  көркөмдөп  айткандарын  эстеп

алардын басып  өткөн узак жолдорун, тар ашуу, тайгак кечүүлөрдү

көргөнчө  кетейин деп Кулжага билет сурадым.

Кассанын жанында күзөттө турган сакчы (млиционер):

–  Кулжага  тиги  кассадан  сатат,  элдин  артына  барып  кезекке

тур”-деди, уйгурчалап.

Эрте менен келгем, түш оой кезегим жетти. Кудай буйруп Кул-

жага билет бар экен. Билеттин баасы 350 юань, биздин акчага ко-

торгондо  4000  сомго  жакындап  калат.  Автобус  кечки  саат  алтыда

жөнөйт деди. Автобеккеттин ичинде бут коёорго орун жок. Элдин

баары Кашкардын ысыгына какаталып жөнөөр маалын күтүп сырт-

та, ар жерде отурушат.  Алардын арасында  Ак-Сууга эки айга пахта

теримге бараткан кыргыз аялдарды, балдарды жолуктурдум.

–   Кыргызстанда жашоо жакшы экен деп келишти барып кел-

гендер. Биздин жашоону көргөндүрсүң. Жашообуз оор. Аталарыбыз

мурда эле Кыргызстанга көчүп кетип калышса болмок экен…-деп

кейип алды бир эже.

КЫТАЙДА КАЛГАН АРМАН / 2-САПАР / 10-БӨЛҮК

Кадимки Кашкар 

Кечке  жуук  Кулжага  жөнөгөн  автбуска  жайгаша    баштадык.

Баягы жатып кетме автобустар…  Ичиндеги кроваттар тар, кысылып

жатасың. Тазалыгы да жакшы эмес. Бут кийимиңди чечип баштыкка

салып  алан  соң  ар  кандай  жыттарга  тумчугасың.  Бирок  айла  жок,

чыдаш керек. Автобуста ар улуттун өкүлдөрү-уйгурлар, хазнулар,

казактар… Ар бири өз тилинде божурайт.

Биз түшкөн автобус Кашкардан чыгып чыгышка кара тегиз жол

менен  алкынып жүрүп отурду. Кашкардын чыгыш тарабы ээн та-

лаа, эрме чөл экен.   Бозоргон бөксө тоо этектеринин  агарып туз-

дун шору каптаган. Ал аңгыча айлананы көөдөй кара түн каптады.

Жүргүнчүлөр  корулдап  уйкуга  кирди.  Айдоочу  анда  –  мында  бир

токтоп, токтогон жеринин атын айтып жатты. Түн бир оокумда Ак-

Сууга  келип  токтоду.  Айрым  жүргүнчүлөр  түшүп  тамак  ичип  жа-

тышты.  Автобус андан ары жолун улап бир топ жүргөндөн кийин

өр тарта баштады. Мен уктап кеткен экенмин, бир убакта көзүмдү

ачсам таң күланөөк тартып калыптыр.  Бир өтө чоң ашууга чыгып

баратыпбыз. Мындай чоң ашууну

эч жерден көрбөгөм.   Бул ашуунун аталышы кандай  деп сурамжы-

ласам “Түйшүк-Тоо” дешти. Чындыгында түйшүгү чоң ашуу экен…

Бир мезгилдерде  Кашкардын ысыгынан качып, салкын жай из-

деп жөнөгөн Сары болуш, Токторбай, Борбугул дегендердин аттары

аша албай күйүккөн ашуу ушул болсо керек деп ойлодум. Балким

Кашкардан Кулжага кетчүү мындан кыска жол жоктур.

КЫТАЙДА КАЛГАН АРМАН / 2-САПАР / 10-БӨЛҮК

Чоң Жылдыз өрөөнүнө кирүү

Биз түшкөн автобус Түйшүк – Тоонун башына чыга берип андан

ары тоонун боору менен бир топко чейин жүрүп отурду. Анан бир аз

ылдыйлап созулуп жаткан бийик өрөөнгө келдик. Бул  айтылуу “Чоң

Жылдыз”  деген өрөөн экен. Биздин Суусамыр сыяктуу, бирок учу

кыйрына көз жетпеген кенен өрөөн . Тоолору тээ алда кайдан

көрүнөт.  Ар  жерде  боз  үйлөр  тигилип.  короо-короо  койлор,  үйүр-

үйүр  жылкылар  жайылып  оттоп  жүрөт.  Бул  өрөөндү  жергиликтүү

казактар  менен  кыргыздардын  малчылары  жайлайт  экен.Жылдыз

өрөнү менен бир нече саат жүрүп анан акырындап ылдыйлай баш-

тадык. Ошондогу табияттын кооздугун айт… Арча, кайың, карагай,

итмурун, карагат, долоно, ыргай, четин… Түркүн гүлдөр көз жоосун

алат…

КЫТАЙДА КАЛГАН АРМАН / 2-САПАР / 10-БӨЛҮК

Чоң Жылдыз өрөөнү

Эми  биз  улам  төмөндөп  Күнөскө  түшө  келдик.  Кандай  кере-

мет кооз жерлер…Шаркыраган тоонун суулары айт.. Бул аймак бир

учурда кыргыздар мекендеген жер болгон деп айтылат.

КЫТАЙДА КАЛГАН АРМАН / 2-САПАР / 10-БӨЛҮК

Кытай, Текес өрөөнү

Андай  болсо Чоң – Жылдыздан, Текестен, Күнөстөн айрылган кыргыз элинин

арманы  түгөнгүс  го…Жогоруда  өз  жерин  таштап  кетүүгө  аргасыз

болгон кыргыздардын:

Каптан таруу кетпеген,

Капсалаң сени кантейин,

Үч күндө малын бир көргөн,

Үч -Куштай сени кантейин.

Чолок терек, Кек терек,

Айтып какшап не керек.

Кырма кызыл челегиң,

Кыйын элге керегиң.

Ийнимдеги бараңым,

Айланайын кең Текес,

Амалсыз кетип баратып ,

Айланып сага карадым- деп күйүт менен ырдашканы   бекерден

эмес экен… Чоң Жылдыз, Текес, кандай керемет  өрөөндөр…

Уландысы бар

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.