Белгилүү  журналист Сакы Садыковдун жол очерктери

                                                      Бөлүмдөр: 1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9, 10, 11, 12, 13, 14, 15…   

                                                                Нылкынай эненин арманы

Кытайда калган арман (16-бөлүк)
                                                 Нылкы

Ошентип, Кытайга болгон сапарыбыз соңуна чыгып, биз кайтканга камындык. Алтымыш жылдан кийинки армандуу жолугушуунун күбөсү болгонума, Шермамат аба менен Арапбай абанын кубанычтарына ортоктош болуп, алар менен бирге жүрөк элжиреткен кыялдардын канатына конуп алып тээ алда кайда калган балалыктын аруу сезимдерин көздөй “оболоп учканыма” чын жүрөгүмдөн куштар болдум. Киндик кан тамган жерге болгон сагынычтын, кусалыктын маани-маңызы канчалык терең экенин, ал адамдын жүрөгүнүнүн тереңинде байырлап, жан-дүйнөңө тынчтык бербей ар дайым оргуштап кайнап тураарын жон терим менен сездим. Ошентсе да Нылкыдагы бир түрк улутундагы эненин аянычтуу тагдыры менин жүрөгүмдөн алигече кетпей койду. Кантсе да Улуу Жараткан мындай тагдырды эч бир пендени башына салбасын. Ал эненин атын Нылкынай экен. Нылкыда төрөлгөн учүн атасы атын ушундай коюптур.

Кытайда калган арман (16-бөлүк)
                                Нылкынай эне уулу менен

 -Ошол 1952-жылдары Кытайдан Кыргызстанга кайткандардын арасында менин атам, апам, бир туугандарым да бар эле-дейт, жашы сексендеги Нылкынай эне. Ал убакта мен жаңы эле турмушка чыккан болчумун. Кытайга качып келген бардык улуттар бул жерде бир туугандай жашайт элек. Ошондуктан атам мени кыргыз жигитке турмушка берди. Ошол учурда келгиндер Кыргызстанга кайтабыз деп дүрбөп аткан. Бир күн атамдын үйүнө барсам “чек ара ачылыптыр, Кыргызстанга кайтканы жатабыз”-деди. Мени да ала кетесиз десем, “ооба кызым, сени кантип таштап кетебиз” деп жооткутуп койду. Үйлөрүбүздүн аралыгы эки чакырымдай эле. Санаам эч тынчыбай койду. Эки күндөн кийин кайра барсам машинеге жүктөрүн жүктөп жатыптыр. Атам мага тик карай албай, “кызым сен үйгө барып даярданып тур, жолдон ала кетебиз,”- деди. Мен атама ишендим, бирок барган жеримди, жолдошумду кантип таштап кетем деп да ойлодум. Балким, бир жолун табышкан чыгаар деп үйгө келип күтүп жаттым. Негедир атамдар көпкө  кечикти, тынчым кетип кайра барсам машина эбак эле жылып кетиптир. Ошондогу абалымды азыр да эстеп жүрөгүм эзилет. Энесинен ажырап журтта калган ботодой боздодум. Эки жылга чейин көзүмдөн жашым тыйылбады. Бул жакта мага тиешелүу эч бир жакын тууганым калбаптыр. Арманымды, күйүтүмдү кимге айтаарымды билбей боздоп ыйлай бердим.

Кытайда калган арман (16-бөлүк)

Кытайда калган арман (16-бөлүк)Убакыт өтө берди. Ал ортодо Кытай менен Совет мамлекетинин мамилеси начарлап, чек ара кайра  жабылып калды. Ошол бойдон  2000-жылдарга чейин эч бир байланыш, кабар болбоду. Мен болсо ыйлап жүрүп картайдым. Кудайга шүгүр, жаман болбодум. Бала-чакалуу, небере-чеберелүү болдум. Ушуга да каниет кылам. Бирок ошол бойдон ата-энемди, туугандарымды бир көрбөй калганыма жүрөгүмдүн өксүгү алиге чейин толбой турат. Эмне демек элем, менин тагдырым ушундай экен. 2000-жылдары балдарым “Кыргызстанга алып барып келели” дешкенинен оболу бирөөң барып билип келгилечи, ким бар, ким жок. Менин туугандарымдан бирөө жарым бар бекен десем, уулум барып келди. Өзбекстандын кайсы бир жерине жайгашышкан экен. Ата-энем эбак эле кайтыш болуптур. Бир туугандарымдан да эч ким калбаптыр. Балдары, неберелери бар экен, бирок жүз көрүшпөгөндөн кийин чоочун болуп калышыптыр. Анан мен да барбадым. Анын үстүнө менин атама болгон таарынычым дале болсо жазыла элек. “Мени кантип жалгыз таштап кетип калды” деп азыркыга чейин сыздап ыйлайм. Эми ал арманымды, таарынычымды кимге айтам. Мени ким түшүнөт… Ошентсе да мезгил менин муң-зарымдын баарын өз ичине жашырды. Билбейм, атам балким туура кылгандыр. Мени турмушунан ажырабасын десе керек…

*****

Кытайда калган арман (16-бөлүк)
        Ортодо Нылкынай эне. Осмон ава, Араппай ава,                            Шермамат ава, байбичеси

Өткөн кылымдын 30-40-жылдарындагы  адамдардын жүрөгүнүн үшүн алган каар замадар канчалаган адамдарды сыздатты. Атадан бала ажырап жетим тайлактай боздоду. Нечендеген бир тугандарыбыз “киндик кесип, кир төккөн, кичинемден бирге өскөн, туулган жеримди, курбу-курдаштарымды бир көрбөдүм”- деп бөтөн эл, бөтөн жерде сыздап кала беришти.

Нечендеген жылдардан кийин алыстан ат арытып келишкен бир туугандары менен жолугушканына батына алышпай, бар тапкандарын алдыбызга коюп сыйлашса да бул Кулжа,Текес ооданында жашаган казак-кыргыздардын турмушу мыкты деп айткандан алысмын. Акыркы 20-30 жылда дүркүрөп өнүгүп жаткан Кытай экономикасынын алдуу колу бул жакка эми жетип жатканын байкоого болот. Балким жакынкы жылдарда алардын турмушунда тез эле өзгөрүү болоор…

Ошентип, биз Нылкы, Текес, Кулжа, андагы боордошторубуз  менен кош айтышып атыбыздын башын күнөстүү Кыргызстанды көздөй бурдук…

Коштошуу кандай оор… Сагынычтар… Арманга толгон көз жаштар… Тээ замандарда аргасыздан жерин таштап кетип жаткан бу жерликтердин армандуу ыры кулагыма  жаңырып турду…

Кытайда калган арман (16-бөлүк)
                                                          Автор Сакы Садыков

Каптан таруу кетпеген,

Капсалаң сени кантейин,

Үч күндө малын бир көргөн,

Үчкуштай сени кантейин.

Чолок терек, Кек терек,

Айтып какшап не керек.

Кырма кызыл челегин,

Кыйын элге керегиӊ.

Ийнимдеги бараӊым,

Айланайын кеӊ Текес,

Амалсыз кетип баратып,

Айланып сага карадым…

 

Биринчи сапардын соңу

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.