Кытайдын абактарынын биринде узак убакыттан бери жаткан эки кыргыз жараны бүгүн 15-майда Бишкекке алынып келинди. Бул тууралуу  Тышкы иштер министрлиги маалымдады.

Аларды Кытайдын жаза аткаруу кызматы 14-май күнү Үрүмчү шаарында Кыргызстандын Жаза аткаруу кызматкерлеринин колуна өткөрүп берген.

Маалыматта алардын Кытайда абакка кандай жол менен түшүп калганы тууралуу айтылган эмес.

Бүгүнкү күндө Кытайдын түрмөлөрүндө кыргызстандык 17 жаран бар.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз