Кытайдын Тышкы иштер министри Ван И өлкөбүзгө расмий сапар менен келди.
Ал сапарынын максатын таажылуу вирус менен күрөш жүргүзүүгө салым кошуу менен байланыштырды.
Анткен менен бул жаатта кең кесири, олуттуу эч нерсе деле айтпады.
Болгону эле Кытай өндүрүшүндөгү вакцина даяр болгондо өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө жеткиликтүү баада жардам беребиз, анын ичинде силер да барсыңар дегендей сүйлөдү.
Ошол эле учурда Кытай өрт өчүрүүчү 100 атайын техниканы белекке берерин айтып сүйүндүрдү.
Анан санарип экономиканы өнүктүрүүгө жардам берүүгө даяр экендигин айтты.
Ошондой эле Кыргызстандын Кытайга болгон эбегейсиз көп карызын жеңилдетип төлөө маселесин биздин тышкы иштер министрибиз суранганы белгилүү болду.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.