Кытай коомдук илимдер академиясынын (ККИА) астындагы Россия, Чыгыш Европа жана Борбордук Азияны изилдөө институтунда “Кыргыз-кытай мамилелеринин абалы жана келечеги” темасында  тегерек стол өткөрүлдү. Бул тууралуу ТИМден кабарлашты.

Иш-чарада Кыргызстандын Кытайдагы Элчиси К.Бактыгулова,  илимий чөйрөнүн өкүлдөрү, анын ичинде ШКУ коомдук дипломатия институту катышты.

Жолугушуунун мүчөлөрү ошондой эле үстүбүздөгү жылда эки жакка тең күтүлүүчү жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги сапарлардын жана чаралардын темасын козгоп кетишти.

Андагы маалыматтарга караганда, акыркы үч жылдын жыйынтыгы боюнча Кытай Кыргызстандын соода жүгүртүүсүндө жана КРнын экономикасына инвестицияларды илгерилетүүдө башка өлкөлөрдүн арасында биринчи орунду ээледи. Азыркы учурда ар кандай өрчүү фазасында транспорт, энергетика, саламаттыкты сактоо, ирригация ж.б. чөйрөлөрүндөгү долбоорлор ишке ашырылууда. Тараптар ошондой эле КРнын экологиялык таза айыл чарба азыктарын КЭРге экспортоосу боюнча тийиштүү жумушту алып барууда.

Жолугушууда кыргыз тарап өлкөбүздүн инвестициялык жагымдуулугу жана туристтик дарамети тууралуу айтып берди. КРнын Президенти С.Жээнбеков 2019-жылды региондорду өнүктүрүү жана жана санариптештирүү жылы деп атоосунан улам, кыргыз тарап кытай өнөктөштөрү менен региондор аралык кызматташтыкты бекемдөөгө ниет кылат.

Профессор Сунь Чжуанчжи кезектеги эки тараптуу саясий кызматташтыкка да жогорку баа берди. Ошону менен бирге Кытай Кыргызстандын эң негизги соода жана инвестициялык өнөктөшүн эске алып, кытай тарап экономикалык кызматташтыкты күчөтүүнүн керектигине басым кылды. КРда инвестициялык чөйрөнү жакшыртууга жана кытай компанияларынын иштөөсүнө жагымдуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз