Президент Сооронбай Жээнбеков Кытайга кайрадан карыз төлөмдөрүн жеңилдетүүнү сунуш кылды. Расмий иш сапары менен Кыргызстанга келген коңшу өлкөнүн тышкы иштер министри Ван И президент жана тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен жолугуп, эки тараптуу мамилелер тууралуу сүйлөшүп, Кыргызстандагы сапарын COVID-19га каршы күрөш боюнча кызматташтыкты бекемдөө максаты менен байланыштырды.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.