Кытай бийлиги өлкөдө жапайы жаныбарларды сатканга жана алардын этин жегенге тыюу салды. Максаты коронавирусту көзөмөлгө алуу жана ушул сыяктуу оорулардын жайылышын алдын алуу.

Бул тууралуу «IRNA» агенттигинин маалыматына таянуу менен Иран, Борбор Азия жана Россия корреспондентеринин форуму жазды.

Атайын маалыматтарга караганда, Кытайда жапайы жаныбарлар менен байланышкан сооданын наркы 74 миллиард долларга жакын. Кытайда жапайы жаныбарлардын этин сатканга жана жегенге тыюу салуу маселеси келечекте каралмак, бирок өлкө бийлигинин бүгүнкү билдирүүсүндө ушул убактан тартып жапайы жаныбарларды сатканга жана алардын этин жегенге тыюу салынары айтылды.

Кытайдын көпчүлүк аймактарында адамдар тамак-аш үчүн кадимки этти пайдаланышат, бирок кээ бир аймактарда жапайы жаныбарлардын эти сатылып, тамак-ашка колдонулат.

Буга чейин коронавирустун жайылышы  Кытайдын Хубэй провинциясынын Ухань шаарындагы жапайы жаныбарлар жана деңиз азыктар базарынан башталганы маалымдалган. Азыркы тапта дүйнө жүзүндө вирус жугузуп алган адамдардын саны 80 098ге, Кытайда 77 658ге жетти.

Кытайдын Саламаттык сактоо боюнча улуттук комиссиясы коронавирустан 2700 адам көз жумганын, алардын 2663ү Кытайда экенин билдирген. Ошол эле учурда вирустан айыккандардын саны тездик менен көбөйүүдө. Азыркы тапка чейин 27 469 киши оорудан айыкты.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.