Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан контролдук-өткөрмө пункттарына жакын жерден ири мүйүздүү малды, жылкыны, азык-түлүктөрдү мыйзамсыз ташып келе жаткан адамдарды текшерүүгө алган. “Ак-Тилек авто жолу” контролдук-өткөрмө пунктунан айдоочуларында тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок 68 баш ири мүйүздүү мал, ошондой эле 38 жылкыны алып өтүүгө аракет кылган автоунаа кармалган.

Бузуу фактылары боюнча материалдар мыйзамга ылайык андан аркы иш-чараларды көрүү үчүн мобилдик топко (ЭККМК) берилди.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.