Кыргызстандын жаш хоккейчилери Европанын чемпиону аталды. Бул тууралуу хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов билдирди.

Маалыматка ылайык, Чехияда өткөн “Чешская шайба” турнирине Словакия, Орусия, Чехия жана Финляндиядан келген спортчулар катышкан. Бишкектен барган жаш спортчулар финалда Чехиялыктар менен бет келип, 6:2 эсебинде жеңишке жеткен.

Аталган мелдеш 22-июлда башталып 24-июлда аяктаган.

Опубликовано Байыш Дуйшоналиев Среда, 24 июля 2019 г.

 

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.