Кыргызстандын ШКУга кирген өлкөлөр менен товар жүгүртүү көлөмү өлкөнүн жалпы товар жүгүртүүсүнүн 71% түзөт. Бул тууралуу  Премьер-министр  Мухаммедкалый Абылгазиев «ШКУ: Кызматташтыктын чегин кеңейтүү» бизнес-форумунун жүрүшүндө билдирди.

Мухаммедкалый Абылгазиев:  «2018-жылы биздин өлкөнүн товар жүгүртүүсү 6,7 мрлд АКШ долларын түзгөн. Ошол эле учурда ШКУ өлкөлөрү менен – 4,7 млрд АКШ долларын түзгөн, бул товар жүгүртүүнүн жалпы көлөмүнүн 71%. Ал эми импорт 13%, экспорт 11% өскөн. Акыркы 5 жылда товар жүгүртүү жалпысынан 7% өстү. «2018-жылы Кытай Эл Республикасынан түз инвестициялардын көлөмү 245,4 млн АКШ долларын, Россия Федерациясынан – – 154,4 млн АКШ долларын түзгөн.

Пакистан Ислам Республикасынан 8,9 млн АКШ доллары тартылган, бул 2017-жылдын деңгээлинен 2,3 эсе көп. Үстүбүздөгү жылы Регионалдык конференциянын алкагында россиялык бизнес-түзүмдөрдүн өкүлдөрү менен 6 млрд АКШ долларына 53 документке кол коюлгандыгы Кыргыз Республикасынын инвестициялык жагымдуулугу жөнүндө айтып турат. Мисалы, «Росгеология» компаниясы менен минералдык-сырьелук базаны өнүктүрүү боюнча 1,2 млрд АКШ долларына келишим түзүлгөн. «Русэлпром» россиялык энергетикалык концерни атамекендик гидроэнергетика тармагында долбоорлорду ишке ашыруу үчүн 1,5 млрд АКШ долларын салат. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Германияга расмий сапарынын алкагында биздин өлкөнүн гидроэнергетика жаатында 1 млрд евро суммасындагы долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө макулдашылды», – деди.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз