Быйылкы жылы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кабыл алуу онлайн жүргүзүлөт. Абитуриенттер Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан атайын иштелип чыккан https://spuz.edu.gov.kg/ системада катталышат. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык быйылкы жылы кабыл алууну 145 колледж 129 адистик боюнча ишке ашырууда. Абитуриенттер катталуу үчүн колледжди, адистикти тандап, өтүнмө берүү зарыл. Кабыл алуу аяктагандан кийин үч күндүн ичинде абитуриент тандалган колледжде окууну каалоосун тастыктоого тийиш.

Документтердин түп нускаларын студенттер ОКОЖдорго окуу жылдын башында бериши керек.

 

 

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.