2018-жылдын жыйынтыгында Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4,4 млрд. долларды түздү, анын 85,7 пайызы тышкы карыз, 14,3 пайызы ички карыз болуп саналат. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.

Жыл ичинде мамлекеттик карыздарды тейлөөгө 23,7 млрд сом жумшалды. Бул тууралуу каржы министри Бактыгүл Жээнбаева Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде «КР Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып жатканда билдирди.

Министр мамлекеттик карыздарды тейлөөгө жумшалган каражаттын 7,1 млрд сому алынган насыялардын үстөк пайызын жабууга, ал эми 16,7 млрд сому негизги карыздарды жабууга чегерилгенин айтты.

Каржы министри Бактыгүл Жээнбаева «Өткөн жылы мамлекеттик инвестициялар программасы боюнча түшкөн каражат 19,6 пайызды түзүп, план 75,8 пайызга гана аткарылды. Анын ичинде, гранттар – 5,7 млрд. сом, насыялар – 9,2 млрд. сом», – деди.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз